www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаев саясатчылар Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге ар-намыстарына шек келтиргендиги үчүн ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди. Ал эми соттун дагы бир чечими менен «Апрель» телеканалы аталган саясатчыларга акысыз эфирдик убакыт бермей болду.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган саясатчылар өткөн жылдын аягында Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалын сотко берип, анда “ар-намысыбызга шек келтирди” дешип, соттон 18 млн. сом өндүрүп берүүнү суранышкан болчу. Ошентип, экс-президент “Апрель” телеканалы аркылуу ойлонбой айткан сөздөрү үчүн жооп бере баштады. Суроо туулат, мамлекетти талап-тоноп, “уурдагандары” үчүн качан жооп берет?
Булак: «Майдан.kg»