www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевди неге айымдар тегеректешет?

Тирүүлүктүн өзү табышмак. Ким өзүнө бийик, бекем сепил курса да баары бир жака - белинде жүргөн адамдардын колдоосуна муктаж болот, алардын ар бири менен эсептеше турган күн келет.

Анын сыңарындай эки жыл мурда Алмазбек Атамбаевдин абалы кандай эле, азыркы күндөрү эмне санаа менен өтүп жатат деген суроо анча - мынчаны эч кимден сурабай аңдоого чамасы жеткен адамдын көкүрөгүндө орногонуна шек саналбайт. Акыйкатта эле мурдагы ажонун тегерегинде жаралган маселе жөнөкөйлөргө кирбейт десек оң болот. Анткени өзү алып келген президент менен алакасы түз болбогондугу абалды кыйла татаалдаштырып салды. Негедир бийлик дегендин апааты башкача болорун, мурда күнкү ортодогу кептерди, убадаларды адам унутуп, башка багытты тиктеп каларын кадимки Атамбаев өзү акыркы күндөрдө көп айтып калды.

Мейли, ал теманы токтотуп башка жандуу тараптан кеп салалы. Эмне үчүн суу жүрөк эркек саясатчылар баштагы журт башчыдан качып калышты?

Албетте, байлыгын, бийлигин сактап калуу үчүн андайлар ойт беришип, ал тургай кези келген жерлерден актануу иретинде “ысык” пикирлерин чампалап калышууда. Пенделик сыпатка ээ болгондор уялбай этпей эле кечээ күнү айтканын жанын жеп танып кетерин мүлдө калк угуп, көрүп жатпайбы. Антсе да үлкөн кызматта иштеп, генералдык чинди алган, А. Сегизбаев менен У. Исраиловдун өткөндө Кой-Ташка келип мурдагы патронунун акыбалын сурап кеткендиги адамкерчилик сапаттан кабар берди. Мындай “саякаттан” айрымдар чыйрыгып кеткени деле калп эмес. Ал тургай “Агент 007” деп чуулдатып жиберишпедиби?

Эзелтен бери карай саясатта келаткан Жыпар Жекшеевдин “визити” деле кээ бирөөлөрдүн мурдун келтейтип жибергени байкалды. Кай бирлер даң салгандай “түнкү каттоону” улантып жаткандар деле бир нерсени боолголоп жатышса керек? Болбосо алар жинди болуп калыптырбы? Мамлекетти алты жыл башкарган кишинин душмандарынан сырткары алакасы бузулбаган пикирлештери деле барында калет жоктур?

Ошентсе да Алмазбек Атамбаевди партиялаш болгон айымдары өзгөлөргө окшоп кыйын күндөрдө таштап кетишпеди.

Таштап, сатып кетмек түгүл азыр да жанынан чыкпай кошо жүрүшөт. Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Рита Борбукеева, Кундуз Жолдубаевалар кандай күнгө туш келсе да “шефин” колдоого даяр экендиктерин айгинелешүүдө. Ал эми өзү партиянын лидеринен кеткенде ордуна Асел Кодуранованы сунуш кылганы эмнени билдирет?

Демек, лидерликти айымдар деле үзүрдүү улантса болорун көрсөттү да?

Чейрек кылымдан бери карай партиянын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Асел айымга болгон ишенич жогору экендигин ушундан эле баамдаса болот.
Негизинде чукул кыялы бар, оюндагысын сактабай тарс эттире айтып койгон, кээде балп этмеси бар Атамбаевди эмнеге айымдар тегеректешет?

Анткени кандай болгон күндө да анда бир өзгөчө тартылма күчтүн бар экендиги айныксыз. Ошол үчүн барган сайын айлана-тегерегине кыз-келиндер арбын чогулуп, суук сөздөн сактоого далалат кылып жатышкандыр? Мындай колдоону мурда, кийин көрдүк беле?

Жок. Кут даарыган адам падыша болуп эл башкарат. Баары бир Алмазбек Шаршеновичтин колдоочусу көп экендиги талашсыз. Энелик мээрими төгүлгөн, таманында бейиштин илеби сакталган айымдар жандап, колдоп жүргөн кишинин келечеги жаркын болоруна деле ичи тардык кылбайлы. Ылайым элибиздин ынтымагы ширелип, өлкөбүз бейпилдикке чулгансын!, -  деп "Ачык сөз" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости