www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адил  деген баканооз бар. Атамбаев президент кезинде аны жамандаса, анын оозунан жел чыгып турчу. Атамбаевди колдомуш болду, кыргызды тополоң ким баштаганын орус коопсуздук кызматы да байкоо сала баштаган. Көрсө, америкадан  акча саап алып жаткан Адил Турдукулов ЦРУнун акчасы менен тополоң уюштургандардын башында экен. Эми анын колун толгоор мезгил келгенде ал Сегизбаевди сатты. 

Жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Анын айтымында, Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек.

-Абдил Сегизбаев өзү «Белизден атайын документтер келди» деп айтып келген. Бирок бул туура эмес, жалган болуп чыкты. Ошондуктан УКМКнын мурдагы төрагасынын аракеттерине укуктук баа берилиши керек эсептейм, - деди Турдукулов.

Жарандык активист бул боюнча кайрылууну Башкы прокуратурага тапшырганын жана кандай мыйзамдык аракеттер көрүлөрүн күтөрүн кошумчалады.

Бул боюнча Башкы прокуратура азырынча комментарий бере элек.

2016-жылы УКМКнын ошол кездеги жетекчиси Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы «Альфа Телекомдун» мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан.

Ал сөз болуп жаткан документтерде саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg

Последние новости