www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда үч миллионго чукул гектар жерди өрт каптады. Орусиянын президенти Владимир Путин Сибирдеги өрттү өчүрүүгө армия тартылып жатат деп билдирди. Экологияны коргогон Greenpeace уюму муну "айлана-чөйрөдөгү катастрофа" деп мүнөздөдү.

Жергиликтүү тургундар болсо өрт өчүрүү үчүн жетиштүү чараларды көргөн жок деп, бийликке нааразылык билдирүүдө. Сhange.org сайтында Сибирдеги өрттү өчүрүү талабы менен петицияга кол коюп жатышат. Ушул учурга чейин 800 миңден ашуун киши кол койгон.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги токойдогу өрт тургундарга коркунуч жаратпайт деген жүйөө менен, өрттү өчүрүү аракеттери болбойт деп билдирген. Жергиликтүүлөр бул бирдирүүгө кескин нааразы болгон эле.

Бир күн алдын коомдук сайттардын колдонуучулары жана атактуу кишилер "Сибирдеги өрттү өчүргүлө" деген хэштег менен чыгышкан. Белгилүү актер Леонардо ди Каприо дагы четте калган жок. Орусиядагы өрт тууралуу бүтүн дүйнө сөз кылып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости