www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мурдагы мэри, саясатчы Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев андан президент Сооронбай Жээнбеков менен элдештирүүнү өтүнгөнүн өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
"Мен Сооронбай Жээнбеков менен тааныш эмесмин, мен аны менен кол алышып да көрбөгөм, бирок ал достук менен мамлекеттик кызыкчылыктын ортосунда калганда экинчисин тандап алгандыгы үчүн колун кысмакмын. Алмаз менден элдештирүүгө жардам беришимди өтүнгөн. Анын көзүндө өтүнүч эмес, жалдыроо көрүнүп турган. Бирок мындай өтүнүчтө эч кандай логика жок болчу, себеби мен президент менен тааныш эмесмин. Атамбаев анын схемалары жана Кыргызстанга тийгизген кесепети билинип каларынан коркуп, ушундай кадамга барган", деп жазган Нариман Түлеев.
Түлеев өзүнүн баракчасына жарыялаган постунда КСДПнын басма сөз жыйынын "шоу" деп атап, сындады. Мындан сырткары канчалаган саясатчылардын ала албай жаткан кегин алып бергенине ыраазы экенин кыйытты.
Биздин өлкө өзү "шоумендердин" согушчу талаасына айланып бараткандай элес калтырчу болду. Биринен бири өтүп "хайп" жаратайын деп эле турат. Ырчысынан саясатчысы, саясатчыдан жөнөкөй адамдар деле калып кетейин дебейт кыскасы..
Булак: NazarNews.kg