www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
МККнын экс-башчысы Дамир Мусакеев: «Менде баш прокуратура мага таңуулап жаткандай мүлк болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөм менен УКМКнын жатаканасындагы бир бөлмөдө эптеп баш калкалап турмак белем?»
«Мунун баары пастык жана кара санатай калп. Мен дайыма коррупционерлерди жек көргөн таза жоокермин. Эч качан эч кимди алдаган эмесмин, бирөөнүн же мамлекеттин чөнтөгүнө да кол салган эмесмин», -деди КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү жана МККнын экс –башчысы Дамир Мусакеев Башкы прокуратуранын ага карата иш козгогону туурасындагы маалыматка комментарий берип жатып. – Ак үйдөгүлөр мени айыпка жыгуу үчүн эмне ойлоп табуу керек экенин билбей да калышты. А.Ш. Атамбаевди сатпагандарды кантип болсо да каралоо керек болуп турат. Эми баш прокуратура мага Бишкекте, Чүй областында жана Ысык-Көлдүн курорттук аймагында батирлери, жер участоктору, үйлөрү бар деп жатат, алардын баарын мен МККнын начальнигинин орун басары болуп турганда алган имишмин. Бирок анын баарын «мыйзамсыз жол менен баюу фактысын жаап-жашыруу» үчүн «жакын туугандарыма» каттатып койгон экенмин». Бул тууралуу кеңири маалыматты КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.
Д.С. Мусакеевдин айтымында: «Мунун баары калп. Баарын оңой эле текшерсе болот. Менде ушунчалык мүлк болгондо 2016-жылга чейин келинчегим, үч балам менен УКМКнын жатаканасындагы бир бөлмөдө эптеп баш калкалап жүрмөк белем? Мен азыр деле кызматтык батирде жашап жатам, менчигимде кандайдыр бир үйүм да, батирим да жок.
Эми өзүмдүн мүлкүм жана ата-энемдин мүлкү туурасында ирети менен айта кетейин.
Биз үй-бүлөдө төрт бир тууган эркекпиз. Өмүр бою кара жаныбызды карч уруп, оокатыбызды маңдай терибиз менен тапканга көнгөнбүз. Атабыз менен апабызга чоң чарбаны жүргүзгөнгө жардам берип келгенбиз, азыр да жардам берип турабыз. Ата-энебиз айылдагы бай адамдардан эмес, бирок чарбанын көзүн мыкты билишет.
Биздин мүлкүбүз, чындап келгенде, 20 миллион сомго эч бир жетпейт. Ата-энебизге, мага, бир туугандарыма таандык болгон мүлктүн баарын кошо эсептеп келгенде ашып кетсе 5-6 миллион сомго жетет. Мунун ичинен мага жана менин үй-бүлөмө тийиштүүсү болгону 500 -600 миң сомго гана чамалап барат.
Атам 2005-жылы алыс жана анчалык барктуу деп эсептелбеген Дордой жаңы конушунан 25 миң сомго 4 сотых жер тилкесин сатып алган. Ошондой эле эки иниме да башка жаңы конуштардан бирден жер тилкесин сатып берген. Мурдакы ээсинин реалдуу дареги болбогондуктан, атам аны 2011-жылда гана өзүнө расмий түрдө каттатканын мага айткан эле. Баса, инилериимдин бири да баштаган үйлөрүн ошол бойдон аягына чейин куруп бүтө элек. Мен болсо үй курганга мүмкүнчүлүгүм жок болгондуктан, жатаканадагы жашоомду уланта бердим.
Тамчы айылында атамдын атына турак жай куруу үчүн 2014-жылы катталган 5 сотых дагы бир жер тилкеси бар. Бул менин өкүл атамдын мага берген белеги болгондуктан, ал мага таандык. Бирок жер тилкесинде эч нерсе салынбай, бош турат.
Ата-энем Бөкөнбаевдеги өзүлөрүнүн үйүндө турушат, бир туугандарымдын болсо Бишкекте бирден «хрущевка» батири бар. Мага жана менин жакындарыма таандык болгон мүлктүн чоо жайы ушулар. Баса, мен МККнын начальнигинин орун басары кызматына 2015-жылда гана дайындалганмын.
Мен чындыкка жетериме ишенем. Менден башкаларчылап саткын болбогонум үчүн гана өч алып жатышканын мен эле эмес, эл да ачык көрүп турат. Биздин атаандаштарыбыз эң эле ыплас калпты колдонушууда. Мындай саясый куугунтукта алар кандай гана болбосун, экс-президенттин атын, эми менин атымды да жаманатты кылуу үчүн эч нерседен кайра тартышпасын түшүнөм. Бирок эртедир кечтир бул ыпластыктын баары айланып барып алардын өзүлөрүн каптайт.
Мен өзүмдүн таза атымды гана коргобой, мындай мыйзамсыздык менен чектен чыккандыкты уюштургандарды, мунун баарына кол кабыш кылгандарды жоопкерчиликке тарттырам деп ант берем. Буга кыжырдангандан эмес, принцип үчүн жетишем. Акыркы жылда мен көп нерсени көрдүм. Бийликтеги жана укук коргоо органдарындагы чириктерди түп тамырынан бери соолтуу керек экенин түшүндүм.
Жарыяланган тизмеге карата төмөнкүдөй түшүндүрмө бергим келет:
I. «Менин» Бишкектеги батирлерим жана үйлөрүм боюнча:
Азыркы учурда жашап турган кызматтык батирим:
1. Куйручук көчөсү, 20/2 – мен УКМКнын пенсионери катары үй-бүлөм менен жашап жаткан кызматтык батир.
Менин жакын туугандарымдын батирлери жана жер тилкелери:
2.Сүйөркулов көчөсү, 7-13 – инимдин эки бөлмөлүү «хрущевка» батири.
3.Көк Бел көчөсү, үй 74 – инимдин 4 сотых жер тилкеси (жер тилкесинде эч нерсе салынган эмес, иним 5 жылдан бери үйүн куруп бүтүрө албай келет).
4.Кең Суу көчөсү, 19-8 – инимдин Фрунзе ат. Сельмашзаводдун эски имаратындагы эки бөлмөлүү батири.
Мага да, менин жакын туугандарыма да эч кандай тиешеси жок батирлер жана жер тилкелери:
Рыскулов көчөсү, 79б-113 – мага да, менин жакын туугандарыма да эч кандай тиешеси жок (Тоң районундагы таанымал ишкер – аталаш агама таандык).
6. Турусбеков көчөсү, 88/2-52 - мага да, менин жакын туугандарыма да эч кандай тиешеси жок (Тоң районундагы таанымал ишкер – аталаш агама таандык).
7. Калыка Акиев көчөсү, 99-17 - мага да, менин жакын туугандарыма да эч кандай тиешеси жок (Тоң районундагы таанымал ишкер – аталаш агама таандык).
8. Патрис Лумумба көчөсү, 143-19 - мага да, менин жакын туугандарыма да эч кандай тиешеси жок (Тоң районундагы таанымал ишкер – аталаш агама таандык).
9. Рыскулов көчөсү, 7б – мындай мүлктү билбейм.
II. Жер тилкелери жана үйлөр:
Чүй областы боюнча:
III. Ысык-Көл областы боюнча курорттук аймактардагы жер тилкелери жана коттедждер, үйлөр жана дүкөндөр: