www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевсиз КСДПда өз ара ырк кетип

“Атамбаевсиз СДПК” кыймылынын уюштуруучусу Сагынбек Абдрахмановдун айланасы да тынч болбой, өз ара ырк кетип баштаптыр. Өгүнү Нурбүбү Кененбаева менен Таалай аттуу көлдүк жигиттин ортосунда ызы-чуу болуп, тиреш апогейине жетип, Алик аттуу жигит ажыратып калыптыр.

Сыягы, берки аялдар Нурбүбү айымдын Сагынбектин жанынан чыкпай, ишенимдүү болуп алганына ичтери күйүп жатышкан окшобойбу. Кененбаевага жакын арада кызмат берилет экен. Ал эми аны ээрчиген дагы бирөө бар көлдүк, ага эч нерсе жок дейт.

Ошентип, Сагынбекчилер деле интригадан баштары чыкпай, арты жакшылык менен аяктачудай эмес.

Эске сала кетсек, Нурбүбү Кененбаева Ысык-Көл облусунда губернатордун орунбасары болуп турганда ардагерлердин акчасына кол салды деген негиз менен иштен четтетилген. Бирок, ал иштин жыйынтыгы эмне болгону белгисиз бойдон…

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости