www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка караганда, 17-сентябрда 19 жаштагы кыз Сырдарыядагы көпүрөдөн секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны жолдо өтүп бараткан киши сактап калып, милиция бөлүмүнө жеткирген. Жабырлануучу атасы тарабынан зордукталганын, бул себептен өзүнө кол салганын билдирген.

Кыздын атасы учурда Тажикстандын Хожентиндеги тергөө абагында. Шектүүнүн адвокаты журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Жабырлануучу өз атасы тарабынан сентябрдын ортосунда зордукталганын, ал 9-класстан бери эле асылып жүргөнүн айткан. Бирок шектүүнүн туугандары кыз ага жалган жалаа жабууда деп эсептешүүдө.

Ал эми «Гулрухсор» аялдар борбору билдиргендей, судмедэкспертиза кыздын зордукталганын тастыктаган.

Учурда кыз «Гулрухсор» кризистик борборунда жашоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости