www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү болгондой криминалдык төбөл Азис Батукаевди 2013-жылы бир топ чиновниктер Нарында ден-соолугу мыкты болуп турганда эле» "рак экен, өлгөнү жатат"- деген шылтоо менен аэропорттун VIP залы менен өз мекенине укмуш узатып жиберишкен. Бул кылмыш иши чуулдап барып, басаңдап калган болчу.

Быйыл Башкы прокуратура жылдын башында кылмыш ишин кайра жандантып, ишти тергеп баштаган, Тергөөнүн жүрүшүндө онкологиялык оорулар боюнча балдар дарыгери, профессор, Онкология жана гематология борборунун директорунун мурунку орун басары Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цон камакка алынды.

Чынында бул эки адам аткаруучулар. Батукаевди абактан чыгаргандардын ана башында: ошол кездеги УКМК төрагасы, вице-премьер, Акыйкатчы, министр Башкы прокурор, Нарын шаардык сотунун судьясы сыяктуулар турат. Эмне алар чындап эле унутта калып жатабы? Эмне үчүн бул кылмыш ишиндеги эки аткаруучуну камакка алышты? Деги тергөө калыс жүрүп жатабы? Кеп мына ушунда...

Булак: "Багыт.kg"

 

Последние новости