www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жакынкы аралыктарда 13%га жакын компания Кытайды таштап кетүүгө камынууда. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге маалымат берип жатып айтты. Маселени Кытай пошлинасына такаган Америка президенти бул сан дагы өсүшү мүмкүн экендигин белгилейт. Анткен менен сөз чет элдик же жалгыз эле америкалык компаниялар тууралуу болуп жатканын тактаган эмес.

Мурдараак дагы Трамп, 1-сентябрдан тарта көлөмү 300 миллиард долларлык  Кытай өлкөсүнөн кирген товардын пошлинасы 15%га, ал эми башка тайпадагы көлөмү 250 миллиард доллар түзгөн товар алмашуулардын пошлинасы 1-октябрга чейин 25-30%га көтөрүлөрүн айткан.

Анткен менен эки тарап тең, соода согушун токтотуу үчүн бир столго олтуруп, кеңешүүгө даяр экендиктерин билдирип келишет. Бирок, азырынча маселенин жыйынтыгы бири-бирин күнөөлөө менен аяктап жатат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости