www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктагы "Компромат кг" баракчасына “Азаттыктын” жарандык коомчулукту жазгыруусу” аттуу видео жарыяланды. Бул видеодо “Азаттыктын” дрону Матраимовдордун үйүнө кулаган күнү С.М. деген адам менен Азаттыктын кабарчысы Ыдырыс Ысаковдун телефон сүйлөшүүсүндөгү аудиону угууга болот.

Маалыматка караганда, Ыдырыс Ысаков бир нече жолу телефон чалып, милицияга жазган арызды кайтарып алууну суранып, анын ордуна Матраимовдорго каршы коомчулукта резонанс көтөрбөөнү убадалаган.

“Азаттыкка” Матраимовдорду каралоо боюнча буюртма болгон деген көп эле сөздөр болгон. Кимдир-бирөөлөр ишенсе, дагы бирлери ишенген эмес. Бүгүн, “Азаттыктын” кызматкери Ыдырыс Ысаков менен болгон телефон сүйлөшүүнүн аудиосу социалдык тармакка чыкты. Анда ал “Эмне үчүн бул адамга жабышып алдыңар?” деген суроого, “Бул чоң саясат” деп, жооп берген.

Эске сала кетсек, “Азаттыктын” версиясы боюнча, ишемби күнү таңкы саат 7де алардын операторуна Матраимдордун адамдары кол салып, сабап, анын техникаларын тоноп алган. Бирок бул тууралуу окуя болгондон 13 сааттан кийин гана коомчулукка маалымдашкан.

Учурда “Азаттыктын” атынан алардын кабарчысы Ыдырыс Ысаков Раим Матраимовдордун жакындары менен ачык сүйлөшкөнү чыкты. Ыдырыс Исаков арызды алууну жана ызы-чуусу жок сүйлөшүүнү сунуштаган. Эки тараптын сүйлөшүүсүндө Исаков “биз бүт жарандык коомду көтөрөбүз, Матраимовдор бизге кол көтөрдү деп айтабыз” деп айткан.  

Мындан улам, Азаттык чын эле кимдир бирөөнүн буюртмасын аткарып жатабы деген ой жаралат. Аткарса, кимдин?..

Абройлуу Азаттыктын, анын кабарчыларын баркын бирин-экин жетекчилиги тебелеп тепсеп жаткан жокпу? Ыдырыс Ысаков да жетекчилигинин тапшырмасын аткарам деп мына ушундай соодалашууга барды да... Ошондой эле, бизге жеткен такталбаган маалыматтарга таянсак, жогорудагы ызы-чуудан ЖК депутатынын да кулагы көрүнүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости