www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Армиядан жаңы келип кутуруп жүргөн убак. Теңтуш балдар чогулса эле ичкилик иччүбүз. Бир топ эле мас болчумун ошондо. Теңтуш балдар менен арак ичип отуруп үйгө жете албай Калыбек деген дос баламдын үйүнө жатып калгам. Бойдок болгондон кийин кээде үйгө түнөбөй калып, бирибиздин үйүбүзгө бирибиз жата берчүбиз. Калыбектин үйүнөн он беш кадам алыстыкта тээ качанкы атам замандагы эски мүрзөлөр бар. Мүрзөлөрдү айланта үйлөр салынып кеткен. Бул үйлөр бири-бирине коёндой окшош болуп өкмөт тарабынан салынган. Бир убакта мекеменин үйлөрү болчу.

Союз чачырап, мекеме тарап кеткенден кийин ал үйлөрдүн бардыгы менчикке айланып кеткен. Үйдө жашагандардын бардыгы болбогон эле акчаларга чыгарып алышыптыр. Калыбектин эне-атасы да ошол үйдү өздөрүнө менчик кылып алышкан. Мүрзөлөр көзгө көнүмүш болуп калгандыктан аларга таптакыр эле көңүл бурчу эмеспиз. Мас болуп калып Калыбектин үйүнө түнөп чыккандан кийин гана ошол мүрзөлөргө чочулай карап калдым.

Чынында мен бир топ эле мас болчумун. Калыбектин эне-атасы мага төркү үйдөгү залына төшөк салып жаткырып коюшту. Мас киши жаздыкка башы тийээри менен эле уктап кетет го. Менин дагы көзүм илинип кетиптир. Бирөө жулкуп ойготкондой болду. Дааратканага баргым келип калыптыр. бөлмө ичи көзгө сайса көрүнгүз кадимки көрдөгүдөй капкараңгы. Эшиктер да, терезелер да байкалбайт. Жер сыйпалап ордуман турдум дагы эшикти көздөй бастым. Дубалга чейин темтеңдеп басып барып, эшикти издеп сыйпалап кирдим. Кызык, дубалдарды сыйпалап эле үйдү айланып басып жүрөм, бөлмөнүн эшиги да жок, терезелери да жок. Айланамды карасам жылчыксыз капкараңгы.

Мен каякта жүрөм деп ойлоп койдум, кайрадан дубалдарды сыйпалап каалганы издейм, баары жумуру, колго эч нерсе илинбейт. Төрт тарабы тең туюк. Мен каякта жүрөм, үйгө эле жаткандай болдум беле, же... Же алиги мүрзөлөрдүн ичиндеги эски көрдүн ичине кулап кеттимби? Эгер андай боло турган болсо дубалдары үйдүн дубалдарындай болуп сыйгалак болбойт болчу да. Үйдө эле болушум керек, чечинип жаткандай болбодум беле? Бир кезде арт жагымда бирөөлөр басып жүрүшкөндөй болуп кетти. Башымды анча-мынча артка буруп, көз кырымды салсам ак кийимчен караандар жүрүшөт. Булар кимдер деп ойлоп койдум ичимден же менин жанымда да башка бирөөлөр жатышты беле?

Ак кийимчен кишилер улам көбөйгөндөн көбөйүп баратты. Мен корко баштадым. Дубалды сыйпалап эшикти издеп кайрадан тизелеген боюнча жыла баштадым. Айланып эле кайра өз ордума келип калдым, кызык эшик каякта, мен каяктамын? Эми тизелеп жылбай ордуман турдум да артыма бурулдум. Алиги ак кийимчен караандардын бирөө да көрүнбөйт. Айланам көзгө сайса көрүнгүз капкараңгы эшикти издей баштадым.

Төрт бурчтуу дубалды айланган сайын төрт тарабым кичирейип, улам кысылып баратты. Көр адамдын денесин катуу кысат, кабырлары бири-бирине кирип кетет дегенди уккам. Жүрөгүм түшүп калды. Көрдө эмесминби? Башым айланкөчөк боло бир кезде чыдай албай болгон күчүм менен бакырып жибердим. Электр жарыгы "жарк" эте көзүм уяла түштү. Үйдүн бурчунда төрт бүктөлүп отуруптурмун, сыягы кыймылдабай бир жерде эле тура берсем керек. Мага басып жүргөндөй туюлса керек.

-Сага эмне болду, көзүңө бир нерселер көрүндүбү? Жүрү анда мени менен жат, - Калыбек мени өз бөлмөсүнө ээрчитип кетти, - Бул үйдүн алдында да мүрзөлөр бар экен. Кээде ушундай болуп көзгө көрүнө калат, бирок эч нерсе деле болбойт. "Өлгөндөрдөн коркпо, тирүүлөрдөн корк" деген сөз бар эмеспи. Биз ага көнүп деле калдык. Дайыма эмес, кез-кезде гана кишинин көзүнө көрүнөт, өзгөчө ичип алып келип жатканда. Мен кызуу болгондо ал бөлмөгө таптакыр кирбейм. Ал эсимден чыгып кеткен турбайбы. - Калыбек ушуларды айтты да, тетири карап жатып алды. Мен болсо таң атканча уктай алган жокмун. Сыртка чыкканда дароо мүрзөлөрдү карадым. Ошондон кийин Калыбектин үйүнө экинчи түнөгүс болдум.

Муктарбек К. Чаек-Жумгал

Булак: "Шамбала"

Последние новости