www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Экономика министри Иссю Сугаваранын отставкасын кабыл алды. Буга Экономика министринин үстүнөн нааразычылыктар болгону себеп болгон. Себеби, анын офиси айрым шайлоочуларга акча, гүл бергендиги коомчулукка таркап кеткен.

Буга чейин "Сюкан Бунсюн" басылмасы Сугаваранын катчысы жакындарын жоготкон үй-бүлөөгө 200 доллар алып бериши мүмкүн экендигин жана дагы бир үй-бүлөөгө гүл жөнөткөндүгүн жазып чыккан.

Японияда жакындарын жоготкон үй-бүлөөгө акча берүүгө тыюу салынбаган менен, саясатчыларга өзүнүн шайлоо участкаларындагы адамдарга акча берүүгө тыюу салынган.

Мындан сырткары, япон басылмалары министрдин шайлоо штабы жарандарга коон, краб жана гүлдөрдү бергендигин жазып чыгышкан.

Сугавараны кызматтан алгандан кийин, аны кызматка койгондугу үчүн премьер-министр элден кечирим сурады.

Биз батыштын же башка өлкөлөрдүн жаман жактарын көчүрүп албай, мына ушундай нерселерин туурасак жарашмак беле? Бизде болсо шайлоолордо ачык эле элди сатып алуу иштери жүрсө деле, ал кадимки көрүнүштөй сезилип калган эмеспи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости