www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Италиянын Президенти Серджо Маттарелла Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Улуттук майрамдын мааракесине байланыштуу Италия элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сизге жана чыныгы достук мамилелер менен байланышкан Кыргыз Республикасына өнүгүү каалоолору менен куттуктоо жиберүүгө мага жагымдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат. Бул достук мамилелерибиз мындан ары да бекемделе берет деп ишенемин.

Италия Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү колдойт. Бул келишимдин түзүлүшү демократиялык баалуулуктарды колдоо жана мыйзамдын үстөмдүгү шартында эки тараптын мындан ары жакындашуусуна өбөлгө түзөт», — деп белгиленген телеграммада.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости