www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук госпиталдын көз хирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева операция үчүн 30 миң сом пара алгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалганы, бирок көп өтпөй үй камагына чыгарылганы ЖМКларда кабарланган.
Анын адвокаты Иманбаевага эч ким кармабаганын, операция боло турган адамга керектелүүчү дары-дармекке кеткен каражаттар Салтанат айымдын чөнтөгүнөн төлөнгөнүн, оорукчан адам бекер операция болгонун айтты.
Айтор, бул жагы да анчалык чындыкка кошпой тургансыйт. УКМК болсо бул тууралуу маалымат тарата элек. Азыр кайсы эле дарыгер бекер операция жасап, оорукчан адамга өз чөнтөгүнөн каражат төлөсүн. Бул тууралуу маалыматты Багыт.кж гезити жазып чыкты.
Эске сала кетсек, Иманбаева мамлекеттик ишмер, маркум Сулайман Иманбаевдин кызы, экс-премьер -министр Жоомарт Оторбаевдин мурунку келинчеги. Ал буга чейин эле, улуттук госпиталдын жетекчилиги менен соттошуп, ызы-чуу менен жүргөн. Анын жеке менчик клиникасы бар, тааныштары күчтүү, байлыгы мол экени да айтылган болчу, деп жазат Багыт кж гезити.
Булак: NazarNews.kg