www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Азия ньюс» гезити «Министрдин креслосун Курсан Асанов тартып алса жарашат» деген аталыштагы макалага Курсан Асанов өзүнүн пикирин NazarNews.kg сайтына билдирди.
--Бул макалада “ИИМ министри орун басарлары менен келише албай жатат” деген таризде маалымат айтылыптыр. Такталбаган суроолор жаралып калгандыгына байланыштуу, мен кыскача эле жооп берейин. Ички иштер министринин орун басарлары ар бири өздөрүнө тиешелүү багыттар боюнча иш алып барат жана негизги багыттагы ишмердиктери боюнча иш жүргүзүп келе жатышат.
ИИМдин жетекчилиги коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана ички иштер органдарынын ишмердигине багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгып аны турмушка ашырууда, ошондой эле реформалоо багытында бир максатты көздөп, биргелешип иш алып баруудабыз. Бизде мындан башка маанилүү маселе жок,- деди генерал Курсан Асанов.
Белгилей кетсек, ИИМде интрига күчөп кетти. Министр Кашкар Жунушалиев менен орун басарлары келише албай атканын кантип жашырабыз? Бири-бирин поктошкону кандай? Кадр саясаты аукционго, соодага айланганы жалганбы? Жалпы өздүк курам эки анжы болуп, дээрлик милициянын мекенге кызмат кылуусунан шек жаралганын танабызбы? Айтор, олуттуу суроолор абдан көп. Мындай шартта эмне кылуу керек? Биздин баамыбызда, генерал Курсан Асанов 8 жылдан бери ИИМдин орун басарлыгын аркалап келатат.
Башканы кой, системанын жертөлөсүндө жоргологон чычкандардан бери билет. Асанов дайыма Жогорку Кеңеште мыйзамдуулукту, коопсуздукту сактоодо ИИМдин кепилдиги катары кандай талкуу болсо да оюн айтып, коомчулукту ынандырып келатат. Иш жүзүндө тажрыйба топтоду, «кызыл шапкечендер» арасында дагы кадыры калың. Дал ушундай шартта Кашкар Жунушалиевди төрдөн айдап, ордуна Курсан Асановду дайындаса неге болбосун? Куп жарашат!- деп, "АЗИЯnews" гезити жазып чыккан эле.
Булак: NazarNews.kg