www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Балтага «кара балакет» алып келген, кытайлыктар курган «Джунда» нефтини кайра иштетʏʏчʏ заводу бар. Завод ишке киргенче Атамбаев: «Завод ишке кирсе,Кыргызстан мунайзатка маарып калаарын, жумушсуздар жумуш таап, жылына бюджетке 5 миллиард сом киреше тʏшѳрʏн» - дардалаӊдап элге жарыя кылып жаткан. Заводдун кубаттуулугу 1 миллион тонна экендиги, аны 3 миллион тоннага жеткирсек «кара майдын» Кыргызстан маарып калат десе эл арзанчылыкты ойлоор элек.
Мейли завод иштей берсин, бирок иштете турган нефтини кайдан табабыз? Эгерде тʏштʏктѳ нефти болсо, анда эмнеге Жалал-Абадда мурун курулган нефтини кайра иштетʏʏчʏ заводду бош койбой мурун эле чыгара беришпейби? Ал эми кѳӊʏлдѳн тышкары калган Канттагы нефтини кайра иштете турган заводду экономика министри Санжарбек Муканбетов мынча пайда алып жатабыз деп эмнеге айтпайт? Кытайлыктар бул заводду бекер куруп бербегендир, аны Атамбаев тѳлѳбѳй келечек муун тѳлѳр. Лекин, эки килтейген завод нефти жок иштебей турса, бул заводду куруу кимдин кызыкчылыгы ʏчʏн болду?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»