www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргызстандын ишенген кызматы эле УКМК болчу. Баардыгы жашыруун болгондуктан бул мамлекеттик мекемеде баардык сырлар катылып, ал тургай көп кылмыш иштердин баяны толук бар деген да түшүнүк бар. Бул туурасында "Факты.kg" гезити жазып чыкты. 

Анан калса, өлкөдөгү болуп жаткан ар кандай теңирден тескери иштердин, аты жаман коррупциянын деле сазынан сууруп чыгат деген ишенген тармак дагы ушул мекеме болчу. Милициянын деле “араанын” көрүп жүрөбүз. “Кызыл шапке менен ак халатчанга күнүңдү түшүрбөсүн” – деген эл оозундагы сөз деле бекеринен чыкпаса керек.

Анан минтип, коррупциянын сары изине чөп сала турган мекеме кызматында коррупциянын баяны айтылып атса, не дээриңди да билбей калат экенсиң. Кыскасы, улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери пара менен кармалыптыр. Маалыматка караганда, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Аскер прокуратурасы менен биргеликте 50 миң сом пара алып жаткан учурунда УКМК кызматкери кармалган. Ал жүрүп жаткан текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармаган да өздөрү экен. Анысына бали дейли. Тазаланууну өздөрүнөн баштап жатса керек деп, жакшылыкка жоруп, парачыларды кубалагыла, тазалагыла деген ишеничибизден тайбай туралы.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости