www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Саясатчылар үчүн кымгуут боло турган күз айлары жакындап калды. Бийликке талгак болгондор бири-бирин чукушуп, курч бири-бири менен кармашуу башталды. Жайкы уйкусунан ойгонгондор бири-бирин шыбап чабуулга өтүштү.

Биздин баамга караганда Абылгазиев эрте эле ЖКны жеңгени калды. 120 депутат ынтымакка келсе СДПК фракциясы көрсөткөн, учурунда Атамбаев жакын жолотпосо да, Раиса Атамбаеванын оң колу болгон, Фарид Ниязовдун “любимчиги”, ак моңолдор катары мурунку спикер Чыныбай Турсунбековдун иниси, кочкорлук катары мурунку премьер Сапар Исаковдун агасы Абылгазиевдин бийликте “көзүн тазалоо” үчүн чамына баштады.

Сентябрдын жарымына жетпей кимди ким жутары айгинелеп калат болуш керек. Учурда угулуп жаткан маалыматтарга караганда ажо Абылгазиевге сыртын салып калыптыр. Акаевден бери эгер президент премьер-министрге сыртын салып калса, өкмөт башчысынын иши бүткөнү. Сыягы, Абылгазиев Атамбаевдин камалышына катуу капа болгонун Ак үй тарап туюп калса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости