www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, жактоочулар аты аталган саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат.

-Биз арызда Текебаевди өлкөдөн тышка чыкпоо жөнүндө тилкат менен абактан бошотууну сурандык. Ал киши чыгып калса энеси менен учурашууга мүмкүнчүлүк алышы керек, - деди ал.

Адвокаттын айтымында, ишти Биринчи май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова карайт. Текебаев менен Чотонов сот отурумуна жеткирилет. Саясатчылардын иши 29-августтан тартып кайра карала баштай турганын Биринчи май райондук соту да ырастады.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Эми жаңы жагдай боюнча, бул эки саясатчы акталып калары да мүмкүн. Анткени коомчулук менен соттордун маанайы ошол багытта. Бийлик да мурдагыдай сотторго көрсөтмө бере албайт. Андыктан эгер Текебаев акталып калса, саясатты да нөлдөн баштап, жаңыча иш жүргүзөрү анык, деп “Майдан.kg” гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости