www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Венгрия Президенти Янош Адер Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына байланыштуу Сизге жана Сиздин мамлекеттин бардык жарандарына чын дилимден куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Кыргыз Республикасы биздин Борбор Азия регионундагы маанилүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Венгер тараптан биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө ар дайым даярбыз жана ушуга байланыштуу Түрк Кеңешинин Өкүлчүлүгүнүн Будапешт кеңсесинин ачылышына чоң үмүт артабыз.

Сиздин жооптуу ишиңизге албан ийгиликтерди жана бекем ден соолук, ал эми дос кыргыз элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Последние новости