www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австралия 2026-жылдын февралынын аягында Россияга каршы эң ири санкциялар пакетин жарыялаган эле. Ага Москва жооп катары Австралиянын негизги киреше булагы болгон темир иштетүүчү өнөр жайын оор абалга кептеди.
Анткени Австралия көп жылдар бою дүйнөнүн негизги темир экспорттооочусу болуп келген. Өндүрүлгөн темир рудаларын көбүнчө Кытайга жөнөтүп, чоң киреше алчу. Бирок Россия өзүнүн темир рудаларын Кытайдын металлургиялык лабораториясына жөнөтүп, сапаттуу үлгүлөрү менен Кытайдын кызыгуусун арттырды.
Жаңы логистикалык коридор болгон Нижнеленинское–Тунцзян темир жол көпүрөсүнүн ачылышы менен россиялык руда Кытайга үч жумага ылдамыраак жете турган болду. Алака рубль жана юань менен эсептелип, Батыштын финансылык көзөмөлүн кыйгап өтүүдө. Натыйжада, Кытай Австралияны тезинен алмаштыра баштады. Австралиянын кирешеси кыскарып, экономикасына күч келүүдө.
Мындан улам, Австралия Жапон жана Корей базарларына чыгууга аракет кылса да, суроо-талап жетишсиз болуп, темир өндүрүү тармагына олуттуу сокку тийди. Ошентип Кытай Россиядан стабилдүү, ыңгайлуу логистика менен камсыздалган арзан товарга ээ болсо, Австралия санкциянын зыянын өзүнө алып, “темир тронунан” кулап түштү.