www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автоунаанын бажы төлөмү качан жана кандай жагдайда арзан болоорун экономика министринин орун басары Дастан Кадыров жергиликтүү радиолордун биринде интервью берип жатып билдирди.

Айтымында, 2020-жылдан тарта айдалган унаалар Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн алып келине турган болсо баасы арзан болот. ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген автоунааларды киргизүүдөгү бажы төлөмүн жеңилдетүү мөөнөтү 2020-жылы аяктагандан кийин Кыргызстанда унаалардын баасы асмандайт деген туура эмес маалыматтар тарап жатат.

2014-жылдан берки маалда чыккан автолор үчүн жеңилдетилген режим иштей турганын белгиледи.

Аткаминердин маалыматында, мындай унаалар учурда бир куб сантиметри 0,9 доллар ставка боюнча жол-жоболоштурулууда. Мисалы, кыймылдаткычынын көлөмү 2500 куб сантиметр болгон Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны келерки жылдан тарта жол-жоболоштуруу суммасы 2250 долларды (бажы ставкасы 20 пайыз) түзөт.

Дастан Кадыров муну менен катар 12 пайызды түзгөн кошумча нарк салыгын төмөндөтүү маселеси каралып жатат. Бул чыкканына жети жылдан ашпаган унаалар үчүн иштейт. Ал эми жети жылдан ашык убакыт мурда чыккан унаалардын бажы төлөмү (мисалы, ошол эле көлөмдөгү унаа) алты миң долларга чейин жогорулашы мүмкүн экендигин кошумчалады.

"Үчүнчү өлкөлөрдөн жаңы унааларды алып келүү пайдалуу болуп калат. Ал эми жети жылдан ашык убакыт мурда чыккан унааларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бажы төлөмүсүз ташып келсе болот", — деди министрдин орун басары.

Кадыров Арменияга жеңилдик режими берилет деген маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, бардык тараптарга бирдей шарт болорун белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстанга кирген автоунаанын бажы төлөмү кайсы учурда 11 эсеге көбөйөрүн Бажы кызматы маалымдаганын эскертти.

"Мында сөз унааларды жеңилдетилген система менен каттоого алынганы тууралуу болуп жатат. Тагыраагы, техникалык паспорт аркылуу унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө карап бажы төлөмү эсептелет. Эгер ЕАЭБдин бажы кодексинин 108-беренесине ылайык, документтердин бардыгын алып келсе, чыкканына жети жыл боло элек унаалар үчүн жеңилдетилген режим иштейт", — деди ал.

Эгер 2013-жылы чыккан унаанын көлөмү 1300 куб сантиметрди түзсө бажы төлөмү 2000 доллар болот. Учурда бул процедура 1170 долларды түзөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости