www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венера Жуматаева чындыгында кыргыздын таланттуу кыздарынын бири. Ал учурунда “Азаттыктын” Прагадагы жетекчилигин мойнуна алган. Ишкерчилик, айрыкча өз капчыгы үчүн бизнес жана талант жагынан ага анча-мынча адам тең келчү эмес. Арийне, ар бир адамда кемчилик болгондой эле Венера Жуматаевада да билинбеген кемчиликтер болгон:

  1. Венера Жуматаева көлдүк сарбагыштын кызы. Ал трайбалисттик көз карашка абдан сугарылган, ошондуктан ал Прагада “Азаттыкты” жетектеп турганда Бишкек бюросунда жалаң өзүнүн пикирлештери же түндүктүктөрдү жетекчи кылса, “Азаттыктын” көпчүлүгү ушул аймактардан чыккандар.
  2. Прагада беш адам май талкандуу жерде иштесе, анын төртөөсү көлдүк Венера Жуматаеванын жердеши.
  3. Ал учурунда президент Атамбаевди колдоп, бийлик тараптан ар кандай баалуу белектерди, хансарайды алып турган, ал эле эмес 10-15 миң доллар айлык да алып турчу дешет.
  4. “Манас” аэропортун да колдогон, анткени Албек Ибраимов демөөрчүлүк кылган. Учурда Албек Ибраимов “Манас” аэропортунан  5 миллион доллар жеп койгону элге билинди.

Венера Жуматаева “Азаттыктын” Прагадагы кыргыз бюросунун жетекчилигинен Борбор Азия боюнча жетекчиликке барган. Угушубузча бул абдан май-талкандуу жер болгондуктан америкалык бир янки көз артып, бул орунга конкурс өткөзүүнү талап кылып жатыптыр. Эгер конкурс боло турган болсо, албетте янкини карапайым кыргыз кызы Венера Жуматаеванын жеңиши оор болуп калат. Анын үстүнө “куйругуна калбыр” байланып, “Азаттыкты” менчик үналгы кылып, Атамбаевдин атаандаштарына каршы айдактап жатканы жолтоо болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости