www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Тынара Абдиева министр Кашкар Жунушалиевдин «Азия Ньюс» гезитине жазган доо арызын карап, адилетсиз чечим чыгарганы кашкайган чындык. Басылманын лингвистикалык жактан келтирген аргументтерин эске албай, бир жактуулукка ыктап, «Азия Ньюска» 1 миллион сом айып пул салган. Учурда сотторго карата ишенбөөчүлүк, терс пикирлер калыптанып калганы дагы далилденди. Дал ушундай акыйкатсыз, басма сөз эркиндигин муунткан чечимден соң суроо жаралып атат:
- Тынара айым, сиздин бир тууган иниңиз ИИМде иштегендиктен, ортодон министр Кашкар Жунушалиев менен «соодалашуу» болдубу? Бул жагынан «кызматтык» көз карандылыкты моюнга аласызбы? Анан кайдагы мыйзамдуу чечим болмок эле?..
Кыскасы, «Азия Ньюс» гезитине негизсиз 1 миллион сом айып пул салуу менен Тынара Абдиева абийир, Кудай астында актана албаса керек. Убактылуу колдогу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруунун аягы эмне болот? Мезгил таразалайт! Мындай кылыгы менен алыска барбай калды го?.. Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg