www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карап отуруп, “ушул Атамбаев да өлкөнү башкарды э-э…”- деп жакаңды кармайсың. Атамбаевдин бир кездеги досу Туйгуналы Абдраимов “Атамбаев шизик!”- деп туура айткан экен. Бир чети, ден-соолугу “шектүү” ушундай адамды тандаган кыргыз элине да чала дейсиң… Атамбаев “эски досу” Азимбек Бекназаровду “Апрель” ТВнан “кузгунга” теңеп жатканда Азикеге телефон чалдым.
Кудай жалгап телефонун өзү алып калды. “Азике, сизди Алмаз досуңуз кузгун…”- деп шыбап жатат, а сиз болсо анын шымына чычып алганын ушул күнгө жашырып жүрөсүз дедим. Азимбек Бекназаров “Мен ооруканада жатам, анын эмне деп былжырап жатканын көргөнүм жок! Ал өзү кузгун… Мага тийишпей кыса турган жерин кысып эле жүрсүнчү! Мен элге айтпай жүргөн көп нерселер бар. Ал нерселер айтылса актана албай калат…”-деп дагы бир топ ачуу сөздөрдү айтты.
Чындыгында, Азимбек Бекназаров басып жүргөн, өзүнчө эле энциклопедия экени талашсыз. Ушул жерде бир окуя эсиме келди. Бир жылдары “Атамбаевдин саясый салмагынан коркуп, Курманбек Бакиевдин адамдары аны Жалал-Абад жергесинде ууландырып салыптыр!”- деген каңшар кеп, жалпы кыргыз элине желдей тараган эле. Карапайым эл ошол учурда ал сөзгө ишенишкен болчу. Кийин билсек ал сөздүн чындыгы башкача экен.
Окурман журтуна түшүнүктүү болсун үчүн, мен алгач Азимбек Бекназаровдун “Мен кыргызмын” деген китебинен үзүндү келтирүүнү туура көрдүм.
Булак: “Жаңы ОРДО”