www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги укук коргоочу Азиза Абдирасуловага байланышып, коомчулуктун көңүл борборуна алынып жаткан Текебаевди бошотуу өтүнүчү тууралуу ой бөлүштүк.
-Текебаев эркиндикке чыгат дегенден бери , президент Отунбаева менен фракция лидекрлеринин өтүнүчүн кабыл алса, мыйзам бузулаарын айтып жатышат го?
-Мыйзам бузулбайт. Конституция жана Президент тууралуу мыйзамда Президент кечирим бере алат деп көрсөтүлгөн. Кечирим берүүнүн механизмдери так көрсөтүлгөн эмес.
Президент кечирим сурап кайрылбаса да кечирим бере алат.
-Саясий куугунтуктун негизинде камакка алынгандар көп болсо да, эмнеге Текебаевди гана чыгаруу аракети жүрүп жатат?
-Туура, бир гана Текебаевге эмес саясый сүртүм менен камалгандардын баарына кечирим берилсе жакшы болмок.
-Текебаевди, Садыр Жапаровду ырайымы жок эле актап чыгуунун жолу барбы?
- Экөөнүн тең иши Жогорку сотко чейин жеткен. Эми же жаңы ачылган жагдай болсо кайра каралышы зарыл. Мындай учурда Баш прокуратура жаңы ачылган жагдайларды көрсөтүп, сотко кайрылышы керек. Же болбосо ырайым болушу керек. Болбосо мөөнөтү бүткүчө акырына чейин отуруп калышат. Алары чыгаруунун башка жолу жок.
Булак: NazarNews.kg