www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды. Эми ЖКнын бутуна-бут колуна кол боло турган татыктуу инсанды спикерликке алып келсек, эртең дүйнө жүзүнө уят болбой, мамлекетибиздин өнүгүшүнө шарт түзөт эле. Эл үчүн кызмат кыла турган адамдар кыргыз мамлекетинде көп. Ошолордун бири Нурлан Шакиевдин артыкчылыктары тууралуу кеп кылмакчыбыз. Албетте депутаттардын арасынан татыктуулар бар, бирок Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн жакшыртып, жөндөп кете турган иш- билги жетекчи керек. Мындай жетекчи учурдагы парламенттин эң активдүү депутаты Нурланбек Шакиев. Шакиев иштин көзүн таба билген, чечкиндүү, бардык маселелерге өзүнүн туруктуу көз карашы бар, тайманбас, ары адамгерчиликтүү инсан! Аны биз ЖК төрагасы көрөбүз!

1.Жөндөмдүүлүгү!

«Караңгыда көз таап, камырдан кылды сууруп алган» Нурлан Шакиевдин жөндөмдүүлүгү, уюштуруучулук таланты зор. Ал таланттуулугунан улам он тогуз жашында «Обон» аттуу республикалык кадыр-барктуу гезиттин Башкы редакторунун орун басарынан жетекчилигине чейин жетип, 1997-жылы мамлекеттеги көрүнүктүү инсандардын бири Эркинбек Баяманов менен «Учкун» гезитин түзүп, жетектеп тез эле ошол кездеги мыкты гезит эсептелген «Асабаны» басып өткөн. Анын ишке болгон жөндөмдүүлүгү эске алынып көп жылдар мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитинин Башкы редакторуна орун басар, башкы редактор кызматтарын камчы салдырбай аткарып, бул гезитти Борбор Азиядагы эң көрүнүктүү басмага айлантты.

2. Ишке жөндөмдүү адистерге аяр мамиле кылганы

Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүн каалабай өз капчыгын кампайтуу үчүн аракет кылгандар жок эмес. Нурлан Шакиев алардан айырмаланып иш жагынан атаандашы болобу же каршылашы болобу ага карабай иштеген адамдарга артыкчылык баа берип мамлекеттин өнүгүшү үчүн жанталашып келатат. Нурлан Шакиев 2006-жылдан баштап ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин пресс-катчысы болуп дайындалат. Ушул кызматынан пайдаланып өз жээк-жаттарын чоң кызматтарга алып келүүгө аракет кылган жок. Тескерисинче калыстык менен ортого түшүп Акаев менен бирге иштешкен мыкты, тажырыйбалуу, реформатор адамдарды бирге иштешип, мамлекеттик «арабаны» чогуу тартуу тууралуу сунуштарын айтып келген.

Айыл элин баккан колхоз-совхоз, завод-фабрикалар таланып-тонолуп эл жакырчылыктын кырына жеткен мезгилде реформа менен чыккан адамдар болгон. Албетте, Акаев менен иштешкен адамдардын бардыгы эле жалаңкыч эмес эле да, ошолордун бири реформа жасап, дүйнөлүк айыл чарба тармагында жаңы жол, жаңы багыт түзүп кыргыз элин ачарчылыктын «туткунунан» сууруп алган Бекболот Талгарбеков менен жолугуп, анын Бакиевдин бийлиги менен иштешип берүүсүн суранган. Бекболот Талгарбеков сылык гана мамлекеттин жүгүн чогуу тартуудан баш тарткан. Анткени, анын да себеби бар, Акаевдин командасында болгон соң, аягына чейин болойун деп, ал кыйынчылык башында турган Аскар Акаевди таштай качпай, өз мезгилин күтүп турууну чечкен.

3. Мыкты менежер

Нурлан Шакиев Айыл чарба академиясында экономика факультетинде менежерлик адистик алган. Көп жылдар иш менен айкалыштырып кыргыз медиа элитасында «мен деген» менежерлердин бирине айланды. Бирге иштешкен адамдары анын бир мүнөздүү, кичи пейил, оор басырыктуу жана тыкандык, кылдаттыгы ушул даражага жеткизди дешет. Аны өтө ашкан акылдуу, алысты көрө билген, караңгыда жол тапкан, тикенектүү жолдон тытылбай аман чыккан, уюштуруп кетүүнүн жолун эң жакшы түшүнгөн адам катары баалашат. Кыязы, ал кечээкисин да, эртеңкисин да пландап, алдын-ала билип, көзү ачыктай иш жүргүзөт окшойбу. Анын карьерасынын өсүшүнө дал ушул сапаттары жардам бергендей. «Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун»- дешет. «Жүз досуң болгуча, бир Нурланың болгону андан бетер жакшы». Балит «политтехнологдор» бар, алар бийликке келсе, башы иштебесе да тааныштарын тартат, «Ат качырбас боз айгыр» «политтехнологдор» бар, булар таанышына карабай иштөө дараметине карайт. Албетте, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө Садыр Жапаровдун аракети,турган-турпаты таасир этип турары бышык. «Вазир жакшы, хан жакшы» деген макал бар. Экономиканы сары майдай эзген Дмитрий Медведев, Михаил Мишустиндер Орусиянын президенти Владимир Путиндин оң колуна айланып, Орусиянын дүйнөлүк державанын катарына алып баратат. Нурлан Шакиев да экономиканы эзип, мамлекетибиздин алдыга чыгышы үчүн кам көрөрү бышык.

4. Каршылаштарынын да тилин таба билгендиги

Нурлан Шакиев президент Курманбек Бакиевге пресс-катчы болуп турганда, бийликке каршы иш жүргүзгөн депутат Мелис Эшимканов жетектеген «Агым» гезити бар эле. «Жаңы Ордо» гезитиндеги иштеп жүргөндө ага «Чагым» деп ат койгонбуз. Мелис Эшимканов президент Бакиевдин кабыл алуусуна мас абалында барып, ошол жердеги күтүү бөлмөсүндө уктап калат. Башка пресс-катчы болгондо Мелис Эшимкановду такмазалап, шылдыңдап, сүрөткө, видеого тартып алып абийирин кетирмек, ал эми каршылаш атаандашы болсо да Нурлан Шакиев аны жаап-жашырып, акырын жетелетип, эшикке алып чыгарып, эс алдырганы бар. Бул азыркыдай «жырткыч» заманда кең пейилдүүлүк эмеспи.

5. Интернет, санарип туулганда эле, тутуна баштаган

Учурда приоритеттүү маселелердин бири жалпы кыргыз элин санарип багытына багыт алдыруу. Чындыгы, бизге окшогон чакан мамлекетте ким түкүрсө да көрүнүп турат эмеспи. Нурлан Шакиев башкаларча кыйшалаңдабай кыргыз элинин өнүгүшү үчүн тикесинен –тик туруп берди. Бийликтин маалыматында жөн гана киши эмес чагылбаган «жаңгак» туш келгенин көпчүлүк туюнушту. Кыргыз элине жаңы кереметти, интернет доорунун ачкычын тартуулаган Нурлан Шакиев «ачыла элек сандыктай» жаш болгон.

«Шанхайдын бир көчөсүндөй» алакандай Ала-Тоо элине Нурлан Шакиев көп дурус бурулушту алып келди. Элибиздин оозуна алынып, дүйнөлүк маалымат булактарына чабыттады. Ошол кезде бийликтегилерге каардуу көрүнгөн «Викиликсти» да тоотуп койгон жок. Анын аркасы менен интернеттин жаңы сапаттарын тапканыбыз, азыр көпчүлүк үйрөнүп жаткан санариптерди «бышырганыбыз» чындык, анын айтылган таамай ойлорун ушул күнгө чейин бута кылып алабыз. Жетелесе «төө сыяктуу» кете бергендер бар. Саясат самсаалап келип алардын дал өзүнө минип алат. Ушундай оор сыноолордо өзүн патриотмун деп эсептеген кыргыз жигиттери мекени үчүн туруп, өз ишин илгерилете берет. Ал эми кээ бирөө «Күн тийген жердин күкүктөрүнө» айланышат. «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар»- дейт. Нурлан Шакиевдин жакшылап ачыла турган учуру келди.

6. Өз позициясы бар

Нурлан Шакиевдин позициясынын атылган октой түздүгүнө таң калам. Кээ бирөөлөр капталга, артка бурулуп, өйдө-ылдый мөңкүп кете беришет. Бир гана Нурлан Шакиевдин элдин «жеңилин жерден, оорун колдон алып», эл үчүн күйүп-бышып келе жатат. Ал отуз үч жашында Кыргыз Республикасынын маданият министри болуп келген. Акаевдик режимдин элге каршы жасаган былыктарын көзүнө сайып көргөзүп, тебеленип бараткан маданият кызматкерлеринин укуктары үчүн ДЗОТко төшүн тосуп жүрдү.

«Өз көмөчүнө күл тарткан» министр болсо, бийликтин тилинен чыкпай башын ийип жүрө бермек. Нурлан Шакиев акыйкат дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркап иштегендиктен, маданият кызматкерлеринин жашоо шартын оңдоо боюнча көптөгөн мыйзамдарды, программаларды жүзөөгө ашырууга салым кошуп келди. «Жылда туусам. жылда жок, жылда инфляция жеп коёт»-дегендей, жылдан-жылга өсүп бараткан инфляция, маданият кызматкерлеринин айлыгын «обгондоп» өтүп, алар оор абалда калып жатышат. Маданият тармагында реформа аягына чыкпай койду, деги эле кардын тойгуза албаган маданият кызматкерлерине миллион реформа жасаса да ишке ашпайт да. Эң биринчи реформа маданият кызматкерлеринин курсагын тойгузуш керек. Капчыгы күндөн-күнгө жукарып бараткан маданият кызматкерлерине кайсы бийликтин жаны ачыган эле. Бир мүшөк унга жетип-жетпеген айлыгын аңдып, ар тараптан текшерип, «терисин тескери сыйырып» келатышат. Ошого деле кайыл, чала маданият кызматкерлерини чар-тарапка кетип, патриот маданият кызматкерлери калышты.

7. Ишке талап койо билгендиги

Нурлан Шакиев алдыны көрө билип, талапты катуу койот. Ал кайсы жерде иштебесин тазалыкка, тартипке өзгөчө басым жасап, элдин энчисине сарамжалдуулук менен мамиле кылат. Мындай сапаттар беш бармагын тең матырган «алкы бузуктар» үчүн жетишпей турат. Адамкерчиликтүү бул инсан шайыр мүнөзү, кең пейил, меймандостугу менен кыргыз элин дүйнөгө таанытты. Орус элинин белгилүү экономисти айткандай: «Кыргыз элинин бактысына жаралган уул». Бардык жерде эл үчүн жанып күйүп жүрөт.

Нурлан Шакиев ЭлТР жетекчилик кылып турган убагын аңыз кылып ушул кезге чейин айтышат. Андан бери канчоо келип, канчоо кетти, Бирок Нурлан Шакиевдей мыкты жетекчи табылбады. Илгери оозеки эпосубузда Манас баатырыбыз Бээжиндин «солк» этпеген дубалдарын, дубанды жарып чуу менен кирип барса, эмки заманда Нурлан Шакиев кыргыз маданияты менен кирип барган. Тарыхтын оомал-төкмөл кезеңдеринде калкына калканч болуп, «Телиген таптап куш кылган, тентиген элди журт кылган» Айкөл Манастай эр азаматтар чыккан. Канжыгага баш байлап, караңгыда жол тапкан кыраандарга өмүр берсин. Тагдыр аларга алптардын жүгүн артып, катаал сыноого кабылта берет. Кыргыз эли абалтан журт эгелерине бай келген. Антпесе, «Манас» эпосу баштаган мухиттей асыл-мурастар, адамзатты таң калтырат беле?

8. Кайрымдуулугу

Саясаттын ыпластыгынан оолак кармап эл үчүн кызмат кылышкан даанышмандардын эталондору: Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов сыяктуулар бар. Нурлан Шакиев бийликтин туу чокусунда жүрөм деп чиренбей, калыстыкка барып калайык-калк менен тил табышууга жетишкен. Пресс-катчы кезинде үстү ылай менен жабылган жепирейген кичинекей тамдарды көрүп айдоочусун токтотуп, сумкасын ала түшүп үйгө кирип, үй ээси менен учурашып, ал-ахыбалын сурайт. Төрт баласы бар экен. Бизге жумуш жок дептир үй ээси. Сумкасынан визитка, акчасын алып колуна кармата. «Балдарга витамин жетпейт экен, шаарга баргыла жардам берейин» - деп жөнөп кетиптир. Артынан узата чыккан үй ээси, үйүнө кирип акчасын санаса 15 миң сом. Көргөн көздөрүнө ишенбей мындай кайрымдуу адамга ыраазы болуптур. Бул эл оозунан уккан аңыз, Нурлан Шакиевдин элге жасаган кайрымдуулугун бир үзүмү эле.

Ал эми шаарда болсо, жетим-жесирлер, кары-картаңдарга, колунда жок жаш үй-бүлөлөргө камкордугун аябай жардам берчү экен. Бишкек шаарынын Жумушчулар шаарчасында жашаган бир нече жарандардын үйлөрүнө телефон байланышын киргизип берген.

Конец формы

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости