www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровду "подстава" кылып, коомго "жек көрүндү" кылмай болду. Өткөндө Жогорку Кеңештин жыйынында "электр энергиясын баасы 1 сом болот, 100 кВтч ашса 2,16 тыйындан төлөнөт" деп, жаңылып айттыбы, же атайын айттыбы, айтор элдин нааразычылык толкунун жаратты эле.

Оозунан жаңылган министр Ибраевдин каталыгын президент өзү жымсалдап, маалымат берип бийликке ызырынган элди араң ынандырган. Тилекке каршы, көнгөн адат калбайт экен, министр Таалайбек Ибраев элдин ачуусу тарай электе, электр энергиясы инфляцияга жараша жылына көтөрүлүп туруш керектигин белгилеп, дымып бараткан отко май чачты. Мындан улам, акыркы 2,16 сомдон төлөтүшмөй болгон тура деген шектенүү күчөп, нааразычылыктар айтыла баштады. Мындай кыянаттыкты министр бийликти элге каршы коюу үчүн атайын жасап жаткандай туюлат. Ушундай министр керекпи өзү?

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радиого" берген маегинде электр энергияга болгон баа жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турушу керектигин билдирди. Бирок анын айтымында буга чейин өлкө жетекчилиги саясатка байланыштуу көтөрбөй келген: "Бизде тарифти саясатка байланыштуу көтөрбөй келишкен. Жыл сайын инфляцияны эске алып тарифтерди көтөрүп келсек, азыр бир киловатт электр энергиясы 1,4 сомдон болмок. Бул маселе саясий окуяларга: шайлоолорго, референдумдарга байланыштуу кийинкиге жылдырылып келген. Өлкө жетекчилери жаман көрүнбөш үчүн суроону токтотуп келишкен", - дейт министр.

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 (КА-1) ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) актуализация (жаңылап, иштеп чыгууга) кылууга дагы 200 миллион доллар кошумча грант бөлүп берди. Бул туурасында энергетика министри Таалайбек Ибраев айтты.

Министр буга чейин аталган банк 2014-жылы 200 млн. долларлык каражат бергендигин, бирок андан бери бир топ убакыт өтүп кеткенин белгилеген. Эми аны кайрадан жаңылоо зарылдыгы турат."Өткөндө Лондондо Дүйнөлүк банк Азиядагы беш мамлекетти энергетикалык союзга кандай көз караштасыңар деп чогултту. Казакстан, Өзбекстандагы кесиптештер (энергетиктер) КА-1ге финансылоо боюнча жардам бергиле деп суранды. Акыркы иш сапарда Дүйнөлүк банк менен Вашингтонго министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен барып, жолуктук, презентация кылдык. ДБ мурдагы 2014-жылы жасалган ТЭНди актуалдаштырууга 200 млн. доллар берген. Биз баргандан кийин дагы 200 млн. доллар грант, баш-аягы 400 млн. доллар грант берди. Буга документти бүгүнкү күндүн рыногуна ылайыкташ керек", — деди министр Ибраев.

Министр бул жерде Дүйнөлүк банктын да чоң кызыкчылыгы бар экендигин жана учурда аталган долбоорго инвесторлор чыгып жатканын кошумчалады: "2014-жылы жасалган техникалык-экономикалык негиздеменин баасы 2 млрд. 800 млн. доллар эле, эми андан бери канча жыл өттү. Көп нерсе кымбаттады. Азыр ошону жаңыртып жасап алып, баасын чыгарсак... кызыкдар болгондор да көп. Россия да "кошулуп курабыз" деп кызыкдар. Андан сырткары, Кытайдан кызыгып жатышат. Концорциумдагы Пакистан, Түркия жана Кытай компаниялары келген. Кыскача айтканда, бүгүн бизде тандоо бар. Техникалык керектөөлөрдү ДБга жөнөттүк, макулдашылса ТЭНди конкурска чыгарабыз. Андан утуп алган компания актуалдаштырууну жасайт. Баасын билгенден кийин аны коебуз да, кызыккандарга сунуштайбыз", — деген ал.

2023-жылдын 6-январында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери КАГЭС-1 боюнча "жол картага" кол коюшкан. Коңшу мамлекеттер Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каражат салууга ниеттенүүдө, ордуна электр энергиясын алышат. Кыргызстан бийлигинин айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи ата мекендик энергетиканын флагманы болмокчу. Кубаттуулугу 1 860 мегаватты түзүп, болжол менен жылына 5,6 миллиард киловатт-сааттык электр энергиясын өндүрөт. КАГЭС-1дин курулушуна даярдык 2022-жылы 8-июнда башталып, Садыр Жапаров барган. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости