www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке жакын жайгашкан Кант шаарынын жанындагы Дмитриевка айылында айылында атышуу болуп, эркек кишилердин тобу медресе менен мектепти курчап алганын маалымат булактар билдирди. Алдын ала берилген кабарга караганда күч түзүмдөрүнүн куралчан кылмыштуу топту кармоо операциясы жүрүп жатат.

Дмитриевка айылы Бишкектен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Учурда ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жатканы айтылды.

Аталган айыл эки тараптан курчоого алынганы кабарланды.

Соңку маалыматтарда тартип коргоо органдары менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү атышып жатканы айтылды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Бөлүм кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Последние новости