www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күз башталар менен эки-үч министр ордуларынан томкорулду. Бул көрсөтмө сыяктуу болуп калды. Көпчүлүк министрлер «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деңгээлинде бул өзгөрүүлөрдү тоготуп да койгон жок. Жакындагы  президенттин кадрдык өзгөртүүлөрдү жасаган бороону эмнегедир кызматтан алынышы керек болгон министрлерди кыйгап өттү. Болгондо дагы коомдун иренжиткен министрлер ордунан козголгон жок. Эдил Байсалов баш болуп, Минкаб Жапаров төш болуп мурункудан ашса ашкан, ашпаса кем калбаган дымак көрсөтө баштады.

Кызматтык ордуна төп келбеген Каржы министри Алмаз Бакетаевди эмнеге эркелетип жатат түшүнүп болбойт. Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирип камалып, көп өтпөй бошоп кетти.  Каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен айлыкка ылайык, кекиртеги кернейдей Теңгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинен айына 45 миң доллар, Кумтөрдөн айына дагы 55 миң доллар маяна алып турган. Жалпы 100 000 АКШ $. 

Бакетаев кандай негизде Тенгиз Бөлтүрүккө ири суммадагы олчойгон айлык коюп берди. Мыйзам жол береби, бул жагы дагы өзүнчө укуктук жоопкерчиликти талап кылган жагдай. Демек кийин Бекетаевдин "шектүү" ишмердүүлүгү боюнча да жоопкерчилик маселеси күн тартибине коюлат. 

Электр энергиясын эптей албай, кышында элди кыйын кырдаалга кептеген Энергетика министри Таалайбек Ибраев биринчилерден болуп иштен алынса жарашмак. Эл да колдомок. Отурат мурдун балта кеспей. Ушул кантип адилеттик болсун.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков кетсе, эл макул демек. Жазда дыйкандар суу жок, айдаган эгин, жашылчасы күйүп киреше таппай, банкрот болушту. Түшүмдүүлүк кыскарды. Айыл чарбасын колдоо үчүн дыйкандарга, фермерлерге бөлүнгөн арзан насыялар даректүү жетпей калганын Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин айтышты. Бир башым деген жок.

Дагы бир Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди айталы, Кыргызстандын тышкы саясатын "өлтүрүп" бүттү. Кылы кыйшайбай отурат. Ырасында, соңку жылдары Кыргызстандын тышкы саясаты чеке жылытпай жатканы баарына эле маалым. Өзгөчө эзелтен өнөктөш катары саналган Россия менен дипломатиялык мамиленин солгундашы өлкөгө, өлкө башчысына болгон ишенимди кыйла эле төмөндөтүп жиберди. 

Анан ушундай кадрды бөпөлөп кармап отуруштун кажети барбы?  Кулубаев сыяктуу өз ишин тарта албаган министрдин кесепетинен өлкөнүн тышкы саясаты туңгуюкка кептелбеш керек. Тышкы саясатты жүргүзүүгө дасыккан чебер дипломаттын болушу абзел. 

Арийне, Транспорт жана жол министри Тилек Текебаев деген жеңден кончко куюлган бирөө бар. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ноокат жолун 1-сентябрга чейин бүткөрбөсөң кызматтан кетип, жооп бересиң» деген талап койду эле, августтун аягында Текебаев «Ноокат жолуна асфальт төшөө иштери бүттү» деп жар салган. Анысы беш күн өтпөй тешилип, ишпалдасы чыгып жатат.

Андыктан, эл аралык маанидеги 4 тилкелүү жолду, эки тилке кылып, анан да 3 катмар болчу калыңдыгын бир катмар кылып бүттү кылганы Текебаевге эчак кылмыш иши козголуп, жоопкерчилик тарта турган жерде болчу. Себеп дегенде, жаңы салынган асфальт тешилип жараксыз болуп, мамлекеттин миллиондогон каражаты талаага чапчылып жатпайбы? 

Кыскасы, жогоруда майлуу кызматтарды мыкчыган аттары аталган былыктуу министрлер былкылдабай ордунда калып, элге анчейин зыяны тийбеген пайда-батасы жоктор ыргып кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости