www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кезде дүйнөгө түркүк болом деген Шакинин «Кыргызстан» деген партиясы боло турган. Жеңиш кыйгач кетпей «Кыргызстандын» коюн-колтугунда жүрүп калган. Ал 2020 -жылы октябрда да жеңишке жетише алган. Ошондон баштап «Кыргызстан» тарап, артка кете баштады. Бул партиягна дем берип жүргөн Абылгазиевге эмне шам. Бул арам экс-премьер-министр СИЗОдо жалдырап жатып, берчүсүн берип жатып араң бошонгон. Эми той-топурду аңдып, азыркы бийлик качан тоңкойот деп күтүп калды. Бийлик ал пенсияга чыга электе жоголсо өз ордуна барбаса да «жоон топ» элди башкара турган жерге барар. Ал эми Шаки 2021-жылы депутат болордо кызымды сатам деп жан-алы калбай чуркап жүргөн. Кызын «пиар» үчүн саткысы келген Шаки күйөө бала издеп түн уйкусунан калган. Мындай немени күтпөгөн кыргыздар оозун ачып таң калып эле кала беришкен. Бирок, жакшы нерсе шайлоого шылтооолоп күйөө бала тандоо «кастингин» өткөзүп алды. Чындыгында, бийлик муштумун түйүп койсо Шаршенбек Абдыкеримов коркуп кетип талапкердигин алып салган.

Шаршенбек Шайлообекович учурдагы белдүү адамдардын бири. Бирок, эне теги уйгурлар кыйнап ийдиби же башка себеби барбы, шайлоо алдында кызын күйөөгө берүү үчүн «кастинг» уюштуруп жиберген. Кээ бир билгендердин айтымында бул кыз өз кызы эмес, агасынын кызы дешет,кайсы адам шайлоо үчүн кызына «кастинг» уютурат? Эгер өз кызы болбосо «кастинг» уюштуруу үчүн сүйлөшүүлөр болду да. Ооба, Шаки «Кыргызстан» партиясын уюштуруу үчүн катуу аракет кылганы белгилүү. Биринчиден, бийлик улам-улам алмашып, экинчиден Шакинин ден соолугуна күч келип чет мамлекетте жүргөнү да жалган эмес. Бирок, шайлоо башталып ал кайрылып келгиче «Кыргызстан» деген парламенттик партиядан жик да калган эмес. «Кыргызстан» партиясын уюштурууда колуна кол, бутуна бут болгон Каныбек Иманалиев ошол кезде эле, Канат Исаев менен батышпай «Ата-Мекен» партиясына кете берген. Исаев Канат канатын «Кыргызстан» турганда каккылап турду. Кээ бир учурда Канат мырза канатын Бабанов үчүн каккылап жиберип анын азабын темир тордо көрүп чыкты.

Атамбаевдин «клон» партиясы «Кыргызстан» 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо СДПКга «клон» катары түзүлгөн. Анткени, мыйзам боюнча бир партия бардык бийликти монополиялаштырып алууга жол берчү эмес. Ошондуктан, Атамбаев  «Республика» партиясынан бак таап алдыга умтулуп турган Шакиге «жашыл» жарык берген. 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында Чуңкурчак жайлоосунда парламенттик шайлоого даярдануу боюнча атайын жыйын өтөт. Жыйындын башында ал кездеги Кыргызстандын «серый    кардиналы» Икрам Илмиянов баш болгон бир топ атка минерлер тагдырды чече турган болот. СДПК добуштун 50 пайызын же 60 депутаттык орун алат деген ишенимде тургандар СДПКга «клон» катары түзүлгөн «Кыргызстан» партиясына ак батасын беришет.

Шаршенбек Абдыкеримовдун жүрөгүнүн сары суусун алып, уктаса түшүнө кирип жүргөн талапкер Алмазбек Баатырбеков эмес, Салымбековдор экенин шайлоочулар жакшы билишет. Бул шайлоо округунан Салымбековдон качып, Бишкектеги Ленин округунан талапкер болгон ат-башылык Камчыбек Жолдошбаев тоңкойгон. Салымбековдор үчүн Алмазбек Баатырбеков деген ким?  Салымбековго добуш бере тургандардын саны арбып, Алмазбек Баатырбеков тууралуу эч ким деле коркунучтуу ойлорго баткан эмес. Бирок экөөнү тең боздотуп Ат-Башыдан башка депутат шайланып кеткен.

 2021-жылдын 19-ноябрында Ат-Башы айылында №33 Нарын шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Шаршенбек Абдыкеримовдун катышуусунда эки иш-чара болуп өткөн. Депутаттыкка талапкер шайлоочулары менен жолугушуу менен катар, буга чейин жарыялангандай, өзүнүн кызы үчүн күйөө бала тандоо «кастингин» да өткөргөн.

Баштапкы этапта кастингге өлкөнүн ар кайсы облустарынан үч жүздөн ашуун өтүнмө келип түшкөн. Жыйынтыгында Ат-Башыга өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүп, айырмалана алган 10 жаш жигит келген. Шаршенбек Абдыкеримов онунун ичинен кимди тандаганы айтылар, бирок депутаттыкка талапкердигин алып салган. Өзүнүн мындай чечимин ал «ар ким өз иши менен алектенүүсү керек» деп түшүндүргөн. Ал ошондой эле өзү «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү экендигин жана ушунун өзү ага өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бийик жоопкерчиликти артаарын белгилеген. Ошону менен бирге ал район жана облус тургундарына мындан кийин да ар тараптуу жардамын уланта берерин, спорттун өнүгүүсүнө көмөктөшөөрүн жана бир катар жаңы ишканалардын ачылышына даярдык көрүлүп жаткандыгын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости