www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров деген бар жер берүүдө «катта» чоң эмгек сиңирген. Үзөңгү-Куушту Кытайга бергенде 2 чакырылыштагы парламенттин депутаты катары кытайдын берген юандарын сугунуп, байлык топтоо процессин баштаган. Ал кездеги бай-олигарх Аскар Салымбековдон Үзөңгү-Куушту берем деген жагынан ашып кеткен. Каркыраны берерде финансы министри катары казак тараптан келген казак олигархтары Тимур Кулибаев менен Владимир Кимдин акча каражатына көзөмөлдүк кылган. Эми Минкабдын жетекчиси.

Мадумаров шахмат сыяктуу Үзөңгү-Куушка депутат катары каршы чыккан. Каркыраны берүүнү парламенттин спикери катары катуу колдогон. Эми депутат катары каршы. Азимбек Бекназаров Үзөңгү-Куушка депутат катары каршы чыккан. Каркыраны берүү убагында оппозиционер катары жумуртка жеген. Эми элчиликтен бошоп каршы чыгып жатат. Текебаев экөөнө каршы, азыр элчи болуп туруп үн-сөз жок.

2002-жылдын 17-мартында Аскар Акаевдин бийлиги Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине каршы чыккан элге ок чыгарган кайгылуу күндү ким билбесин. Ырас, чырактай болгон алты баланын өлүмүнө алып келген бул окуя кыргыз элинин акыйкаттыктан тайбастыгын, үй-бүлөлүк башкарууга таптакыр көнбөй тургандыгын ырастаган күн болгон. Бирок, жең ичинен алчусун алып койгон ошол учурдагы кыргыз бийлиги Үзөңгү-Куушту баары бир Кытайга өткөрүп берген.

Эми ушул Кыргызстанга, кыргыз элине карата жасалган чыккынчылыкка кимдер кол кабыш кылганын жакшы билебиз. Себеби, ал кыргыздын жерин Кытайга берүүгө «макул» деген добушун бергендердин тизмеси бар. Бирок, кыргыз элине чыккынчылык кылгандар көрсө булар эле эмес экен. «Каршы» деген добушун берип туруп, өздөрүнүн жеке материалдык кызыкчылыгы үчүн Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине кол кабыш кылгандардын жүзү эми ачылат окшойт. Болгондо да ар дайым акыйкаттык үчүн күйүп-жанып аткандай түр көрсөткөн Өмүрбек Текебаевдин бул жердин Кытайга кетишине салымы бар экендигин ушул күнгө чейин карапайым элибиз билбей келген тура.

Окуя мындай болгон. Үзөңгү-Куушту Кытайга берүү маселеси парламентте каралып атканда эртең эл алдында жүзүм жарык болсун дегендер таптакыр добуш берүүдөн баш тартышкан. Албетте, Акаевдин бийлигине кошоматтангандар «макул» деген добушун беришкен. Бирок, мындай добушту бергендер менен эле маселени чечип салууга кворум болбой калган. Ошондо Акаев жана анын айлана-тегерегиндегилер Текебаевди өзүнө чакырып: «Сиз «каршы» деген эле добушуңузду берип коюңуз, кворум болушу үчүн, колуңузду куру койбойбуз» дешет. Натыйжада Текебаев Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине каршы чыккандардын добушун топтоп маселени чечүү үчүн кворум түзүп берет. Бул «эмгеги» үчүн Текебаевге азыркы тапта борбор калаабыздагы Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Супер инфо» гезитинин редакциясы жайгашкан төрт кабаттуу имарат 15 соток жер тилкеси менен кошо белекке берилет. Андан сырткары ири суммада акчалай да «сыйлык» ыйгарылат. Азыркы тапта бул имараттын базар баасы 100 млн сом турат.

Ошондо урматтуу Өмүрбек Чиркешович, кыргыз жеринин бөлөк мамлекетке өтүп кетишине жеке материалдык кызыкчылыгы үчүн «кызмат өтөп» берген болобу?

Каркыраны казактарга берүүгө макулдугубузду беребиз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары:

Абдуллаева.Ч.Г.      Абдраимова.Р.А.      Абдырасаков.Б.Т.       Айдаров.Н.А.

Акрамов.Э.Х.           Арабаев.А.А.            Арсалиев.Э.С.             Атамбаев. Н.С.

Аттокуров.О.А.         Баекова.Ч.Т.             Байбураева.А.Б.          Байтиков. А.Б.

Бекенова.З.                Бурканов.А. Биз О.         Данилов.Ю.А.            Дербишева.Г.Т.

Жолдошев.К.Н.        Жамалдинов.З.И.     Жумабекова.Т.А.        Ибрагимов.С.М.  

Ибраимова.Э.С.        Иманалиев.Б.Т.       Иманалиев.А.К.           Исаева.Д.Ш.

Исанова.М.Н.           Кабаев.А.С.              Кадыралиев.С.К.         Калмаматов.А.А.

Карабеков.К.Д.        Каримов.А.Т.            Кенжебаева.А.А.          Койчубаков.Н.К.

Кудайбергенов.Д.    Кулбаев.А.С.             Куликова.Г.А.              Кунакунов.М.К.

Курманов.Т.К.         Летова.И.В.              Мадумаров.А.К.         Мамасаидов.М.Т.

Молдобаев.Н.           Мырзакматов.М.      Назаров.О.П.                 Наргозуев.Б.М.

Ормонов.У.З.           Орозалиев.Т.             Попов.С.В.                    Рахимидинова.Ж.Т.

Садыбакасова.Ш.    Сакебаев.С.А.          Салахудинов.Ж.С.      Сан.Б.А.

Сидоренко.Р.В.      Сулайманов.А.Т.       Сыдыкова.Л.Ч.             Тагаев.А.С.

Тагаев.Р.Б.                Төлөнов.А.                Төрөбаев.Б.Э.               Тулендыбаев.П.Р.

Турсунбаев.А.А.      Шадиев.А.А.             Шин.Р.                          Юсуров.А.Л.

    

Каршы

Артыкбаев.О.М.     Байло.Н.И.                 Жураев.М.К.                Жээнбеков.Ж.А.

Жээнбеков.А.Ш.     Ирсалиев.М.С.          Карамушкина.И.Ю.    Масалиев.И.С.

Өмүркулов.И.Ш.     Отунбаева.Р.И.         Сейтказиев.А.Т.           Султаналиева.Г.Т.

 

Калыс:

Каниметов.Ж.         Кыдыров.Д.Ш.         Молдошева.Д.А.           Шабатоев.Р.А.

 

Добуш берген эмес:

Акунов.Б.                 Коркмазов.Х.З.         Мамасеитова.Б.У.        Сабиров.А.А.

Салымбеков.А.М.

 

Жыйында болгон эмес:

Бешимов.Б.Д.         Жунусов.И.К.             Исабеков.К.С. ж.б.           

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости