www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көмүр маселеси да, электр маселеси да кыш к ире электе чучукка тийе баштады. Жапаров элдин кышында үшүгөнүн эмес, өзүнүн жеке камын көрө баштады. Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров элди ойното баштады.Кыргызстанды кыймылдатып турган Кара-Кечедеги көмүргө да, электр менен жылыта турган болсо электрге да тыйуу салынып турат. Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун бизнесин гүлдөтүү үчүн кымбат болсо да Казакстандын көмүрүн алып жагуу керек. Кымбатчылык алкымдап турган эл кандай күн көрөт? Өкмөттүн күз-кышка болгон даярдыгы өтө начар. Быйыл суу сактагычында суу аз болуп, электр энергиясы тартыш болоору тээ ала жазда эле белгилүү болгон. Өкүнүчтүүсү Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров кырдаалдын оор болоорун элден жаап-жашырып, ачык айтпай келди. Натыйжада, эми араң электр энергиясына болгон кризисти мойнуна алып, абал оор экенин, мындай көрүнүш дагы 3 жылга созулаарын белгиледи.

Мына Акылбек Жапаровдун элине кылган жакшылыгы. Мурда эле баарын жашырбай ачык айтса, эл кышка ыйлай-сыктай даярдык көрөт эле. Анан качан карайлап калган деңгээлге келгенде айтыш керек беле?

Деги эле буга чейинки президенттердин түбүнө жеткенге себепчи болгондордун бири катары "сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн" Акылбек Жапаров бул бийликти дагы аңга сүйрөп баратат. Жалаң салык аркылуу казына тотурам деп жатып элди кыйнап бүттү. Ишкерлер салыктан баш көтөрө албай калышты. Миңдеген чакан, орто ишкерлер сыртка чыгып кетти. Көбү жабылды. Акыркы эки жарым жылда чет өлкөгө агылган капиталдын көлөмү рекорддук деңгээлге жетти. Эми свет өчсө өндүрүш дагы кыскарат. Банкрот болгондор көбөйөт. Ишсиз калгандардын саны өсөт. Казынага түшчү каражаттын көлөмү азаят. Айтор, экономикага оңбогондой оор сокку болот.

Мындан сырткары электр энергиясы өчүп, эл отун-суудан кыйналып, тезек терген доорго келдик. Жада калса көмүр жакпагыла деген караниеттикти кандай түшүнсө болот? Көмүр жакпаса эл шыйрагын жагабы? Макул, көп кабат үйдөгүлөр борбордук жылытууга кошулгандыктан көмүр жагышпайт дейли, жеке сектордогу газы жок жалаң көмүрдү карагандар суукта тоңобу?

Эң эле кооптуусу Токтогул ГЭСинде суу аздыгынан улам электр тартыштыгын жабуу үчүн Бишкек ТЭЦине күч келип, кышында баягыдай болуп авария болсо анда эмне болот? Түркмөнстан менен Россиядан келе турган 3.5 миллиард кВтсаат электр энергиясын сатып алуу маселесинде дагы деле  орток пикир табыла элек.

Такыр албай калсак, өлкө толук караңгылыкта калат. Жылуулук жок. Свет жок. Элдин шору ошондо накта кайнайт. Кымбатчылык болсо асмандын башы. Инфляция өсүп жатат. Эл тентип кетеби? Деги элди ойлогон өлкө жетекчилери барбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости