www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги журналист Азизбек Келдибековго байланышып, Президент неге саясий туткундарды чыгарууну кечеңдетип жатат деген суроо узатты?
- Саясий туткундарды ("узник совести") бошотууну кечеңдетүүнүн башкы себеби бүгүнкү кырдаалдарга байланыштуу болсо керек. Аларга бирден токтололу.
Алсак, ЮНЕСКОго кыргыз мурастарын өткөрүп келген Карганбек Самаковду камап жаткан себеби кокус Нарын эли митингге чыгып тынчыбызды алса чыгарып, митингди басабыз деген ой. Текебаевди "Мунапыска" кошпой жатканы, ал эгер өзү мындан ары саясатка аралашпайм деп ишендирсе бошотулат, бошогондон кийин саясатка аралашса мындай күчтүү саясатчынын кереги жок. ЖЭУ (ТЭЦ) чыры да бир топ күнөөлүү жана жалаа менен түшкөн адамдарга толгон.
Осмонбек Артыкбаев сыяктуу фактысы жок кармалгандар да бар, буларды кечиктирген себеби элдин толкундоосуна тиешелүү сыяктуу. Жаз келип эл толкундаса буларды чыгарып, элдин ызы-чуусун басат болуш керек.
Булак: NazarNews.kg