www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы кенге байланыштуу маселени кароону сунуштады.

Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилди.

Буга чейин белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрда кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отрядынын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.

ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. Кечээ, 2-декабрда окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка кармалган.

Белгилей кетсек, эл өкүлү аталган маселе боюнча УКМКнын, ИИМдин жана өкмөттүн башка мекемелеринин өкүлдөрүн жыйынга чакыруу керектигин айтты. Булак: NazarNews.kg

Последние новости