www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азык-түлүктөрдөн коронавирус жукпайт” дейт Ырсалиев

Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөн Ырсалиев Кытайдан келген эт жана башка азык-түлүктөрдөн коронавирус жукпай турганын айтты. «Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгы Кытайда коронавирус илдети катталганын угары менен эле ал өлкөдөн келген эт жана башка азыктарга убактылуу чектөө киргизди. Акыркы жолу декабрь айында Ухань шаарынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан провинциядан 48 тонна эт келген.

Албетте, ал эт ветеринардык лабораториялык көзөмөлдөн өткөндөн кийин гана сатыкка уруксат берилген. Ал эми чектөө киргизүү - вирус малдын этинен же башка өсүмдүктөн жугат дегендик эмес. Аталган продукцияны алып келип жаткан адамдар менен байланыш болгондо оору жугушу мүмкүн болгондуктан, алдын алуу аракети болуп эсептелет. Өлкөдө коронавирус боюнча атайын штаб түзүлгөн. Ага ветеринардык көзөмөл жүргүзүү кызматы дагы кирген.

Алсак, саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери келгендердин дене табын текшерүүдө. Ал эми биздин кызматкерлер ветеринардык көзөмөлгө тийешелүү товарларды текшерип жатат. Аэропортто шарт боюнча колго беш килограммга чейин жүк алып өтүүгө болот. Бирок кырдаалга байланыштуу учурда колго жүк алууга такыр тыюу салынууда» деп маалымдаган Ырсалиев.

Булак: «Азия Ньюс»

 

Последние новости