www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бутунан тура элек депутаттар коштошуу ырларын ырдай баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Улуу Британия Брекзит боюнча референдумдан үч жыл өткөндөн кийин Евробиримдиктин курамынан чыгышууда. Европарламент көпчүлүк добуш менен Британиянын Евробиримдиктен чыгышы жөнүндөгү келишимди колдошту. Чечим 29-январда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Британия ханышасы Елизавета II Брекзит боюнча буга чейин парламент кабыл алган мыйзамды колдогон. Ага ылайык, Улуу Британия 31-январда жергиликтүү убакыт боюнча 23:00дө Евробиримдиктен чыгат.

Документке 621 депутат макул, 49у каршы болуп, 13ү добуш берүүдөн карманышты. 

Добуш берүүдөн кийин депутаттар өйдө туруп, шотландиялык салттуу "Auld Lang Syne" ырын аткарышты.

Бул ыр ажырашууга мезгил келгенде ырдала турган чыгарма болуп саналат. Парламенттин айрым мүчөлөрү эмоцияларын жашыра алышкан эмес. Алардын бири депутат Рори Палмерди көрүүгө болот.

Британский политик Рори Палмер (слева) заявил, что считает Brexit "ужасной ошибкой"

Евробиримдиктен чыккандан кийин Британия үчүн өткөөл мезгил башталып, ал 2020-жылы 31-декабрда аяктайт. 

Ал эми Улуу Британия Евробиримдикке 1973-жылы кошулган жана андан чыгып кеткен алгачкы өлкө болуп калды.

Эске салсак, 2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан бир аз көбү Евробиримдиктен чыгууну жактаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости