www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Багам аралдарына 1-сентябрда жеткен “Дориан” бороонунан кийин калыбына келтирүү иштери башталды. Ал эми АКШнын Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Бороондун айынан баарынан көп Барбадос, Сент-Люсия, Сент-Томас, Абако жана Чоң Багам аралдары жабыр тарткан. Ылдамдыгы саатына 300 километрге чейин жеткен бороондон 7 киши каза болуп, 13 миңдей үй талкаланганы кабарланууда. Шаарлар менен айылдар суу астында калып, жолдор талкаланган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Атлантика океанындагы «Дориан» бороону V категориядан III категорияга түшкөн. АКШнын бороонду көзөмөлдөө борбору «Дориандын» күчү басаңдап жатканын, бирок алдыдагы эки күндө кескин көтөрүлүүсү жана Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарынын жээктерине жакын өтөрүн билдирди. Ал жакта миңдеген адамдар коопсуз делген жактарга көчүрүлүүдө.
"Дориан" келтирген зыяндын көлөмү 40 миллиард долларга жетиши мүмкүн деп эсептелүүдө. Ал эми АКШнын тарыхындагы эң чоң кыйроо алып келген куюн 2005-жылдагы "Катрина" болгон. Анын кесепетинен 108 миллиард доллар зыян тартуу эсептелген.
Булак: "NazarNews.kg"