www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинин байыркы эл экени белгилүү. Учурда тарых казылган сайын кыргыздар улам артты көздөй жылып баратат. Буга 2300 жылдык мамлекеттүүлүгү бар кыргыздардын  андан мурунку миң жылдык тарыхы ачылганы күбө. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, кыргыздар тууралуу маалыматтар көбөйүп баратат.

Учурда казак эли өздөрүнүн тарыхын каза баштаганы белгилүү. “Баурдастар” байыркы эмес, орто кылымдагы баалуу документтерди тааптыр. Жакында казак хандарынын Персияга барган иш сапары тууралуу материалдар жарыкка чыкты. Казакстандын Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери Галия Камбарбекова башында турган илимий экспедиция Тегеран Университетинде илимий иштер менен алек болуп жүрүп казак хандарынын Персияга жасаган иш сапарлары тууралуу  отуздан ашуун персиянын манускриптинде жазылгандары тууралуу илимий ачылыштарды жасады. Бул кол жазмалар тарых бетиндеги мусулмандар дүйнөсүндөгү XIII-XVII кылымдарга тиешелүү тарыхый чыгармалардан турат. Ошол кездеги түрк улуттарына тиешелүү Персия шахиншахтары менен жолугушкан баалуу документтер бар. Бул документтерде Касым-хан, Тобокел-хан, Эшим-хан, Жаңгир-хан, Тооке-хан тууралуу маалыматтар бар.

 «Силсилат ас-салатин» деген бир чыгармаларында  Дешт-и Кыпчак тууралуу керектүү маалыматтар жайгашкан. Дешт-и Кыпчак бул булактар боюнча түштүктөн түндүккө чейин 600 фарсахка, чыгыштан батышка чейин 1000 фарсахка чейин созулуп жаткан. Ар бир фарсах азыркы 6 чакырымга тете. Бул азыркы Казакстандын аймагынан да чоңдук кылат.  «Тарих-и Сафавийа», «Тарих-и шах Исмаил» жана «Тарих-и алам ара-ий шах Исмаил» кол жазмаларында Касым-хан тууралуу кенен маалымат берилиптир, казактар перс шахтарынан алты айлык алыстыкта турушуп, мусулман-сунниттер болушканы жазылган.

Касым-хан арстан жана жолборс сүрөттөлгөн такка отуруп, ата-теги Чынгызханга түспөл кийим кийинген, өзү да Чынгызханга окшош экен. Андан тышкары мусулман мамлекеттери катары бири-бири менен байланышта болгон.

Ушул эле кошуна мамлекеттер бири-бири менен кат алышып турган. Перс шахы Аббас экинчинин казак ханы Тоокеге 1660-1661-жылдары жана Абдырахим бийдин Тооке ханга 1716-1717-жылдары жазган каттары сакталып калган. Бул материалдар казактар үчүн жакшы сүйүнүч алып келди, байыркы дүйнөдө болбосо да орто кылымдардагы тарыхы бар экенин сезген “тускандар” илимий иш сапарын тереңдетүүнү көздөп жатат.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости