www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Социалдык тармактарда Атамбаевдин командасы бош болуп, “Кой-Ташка 5 кишинин башы кирди” деп, мазактап жазып жатышат. Атамбаевдин командасы билбесе билип алсын. Биз керек болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кадырлап айтканын баарын кылып ЖК депутаты Рыскелди Момбеков айткандай “Соке досумду президент кылып шайлап бергиле”, деди шайлап бердик. Ал президенттиктен кетип жатканда тебетейибизди кийгизип узаттык. Эми ошол биз кийгизген тебетейди айтып, “сен тебетей кийип бийликтен узатпадың беле, “дежурный” болуп калдыңбы” деп жазып жатышат. “Дежурный” болгудай азыркы бийликке эч кандай жагынып жаткан жерим жок. Керек болсо азыркы бийликке Атамбаевдин күндөрү сабак болушу керек.
Биз кеткенден кийин мага окшогон эле 15-20 киши митингге чыгып Атамбаевди колдоду. “Дежур” деп так ошолорду айтат. Атамбаев өзү элди экиге бөлүп жатат. Атамбаев өзү кан менен келгенден кийин, элди экиге бөлгөнүн токтотсун, ой менен тоону сүйлөбөй. Атамбаев элдин кыжырына сайып жатат. Атамбаевдин эшигине 5 миңден ашуун киши барса колунан эмне кылат. Ошондуктан Атамбаев адатына салбай ойлонуп сүйлөшү керек. Тиги Адил Турдукулов деген биздин активисттерге ар кайсыны жазып жатат. Адил буга чейин Атамбаевди жамандап эле жүргөн. Эми Атамбаевдин акчасын алып кошоматтанганы эркек кишиге жарашпайт. Адил, бирөөнүн тилин тыйбай өзүнүн тилин тыйсын.
Ток этээрин айтканда Атамбаев ар кайсыны сүйлөбөй жөн олтурсун Өмүрбек Текебаев камактан чыкканда ага көргүлүктү көрсөтөт.
Сооронбай Жээнбеков дагы кызматтан кеткенде арты таза болуп, эли-журту менен бирге болсо, ошондуктан ал киши дагы элди ойлошу керек.
Булак: NazarNews.kg