www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чындап эле ар бир шайлоодо ырчы-чоорчулардын коштоосу менен талапкер же партияларды жолугушуусу, элдин алардын келечек аткара турган программа, ой-тилегин укканы эмес концерт көргөнү эле баргандай туюлат. Акыркы кездерде шайлоочуларды чогултуунун бир амалы катары, кымбат акча төлөп эл келе турган акындарды же куудулдарды жалдоо да адатка айланган. Мына ушундай абалдан кутулуунун жолу катары депутат Бакыт Төрөбаев алдыдагы 2020-жылы боло турган шайлоого ырчы-чоорчуларды жалдоону токтотууну сунуш кылды.
Анын пикиринде баардык эле партиялар ырчыларды жалдап ырдатканга кудурети жетпейт. Шайлоонун жүрүшү баардыгына бирдей болуш керек деген оюн айтат депутат. "Ошондуктан, оюн-зоок программаларын токтотууну сунуш кылабыз. Шайлоочулар менен дискуссия, пикир алышуу максатында басылмалар аркылуу баарлашалы. Керек болсо, мыйзамдуу митинг, пикеттерде кездешели. Биз ошого дайынбыз"-деди Төрөбаев.
Булак: Факты.kg