www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Баткуевдин "салтанаттуу" түрдө түрмөдөн эркиндике узап кетиши, билген кишиге "саясий боектордун" бар экени, ал турсун олчойгон акчалардын "ойногону" ошол кезде эле айтылып, ал кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акун дагы 100 миң долларды бөктөрүнгөнү коомдо катуу талкууну жараткан. Акчасын айтпаса да, ага карата коюлган доктурлардын диагнозун колдоп чыкканы жалган деле эмес. Азыр соц тармакт Тукебиздин 100 миңди алганы, анысы фальшевий акча болуп калганы боюнча каңшаар тарап да кетти.

Батукаевге карата диагноз чыгарган доктур абакка алынып, анын артынан даагы экөөсү сурак берип, бир катар кызматтагы адамдарга анан калса ал кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акунга да ар кандай аркандар ыргытылып жатат. Турсунбек Акун кримтөбөл Азиз Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөрүн билдирип да маек берди.

"Ошол догдурлар койгон диагнозго ишенбей, кайра аны текшерип чыгууну талап кылсам болмок экен. Мыйзамдагы уурунун отура турган дагы сегиз жылы бар, муну дароо чыгарып жиберүүгө болбойт дешим керек эле. Азыр убагында анын укугун коргоп чыкканыма өкүнөмүн", - деген Акун. Мунусун кандай түшүнсө болот? Кылмышты оюнга алып атканы, баары ката болду, иттик бизден кетти дегениби? Муну укук коргоо кызматы кандай кабыл алды?

Кечээ, айрым адамдар Акунга жаңы эле жолугуп чыкканын, ал баягы жара турган "бомбаларын" эми жарганы жатканын соцтармактарга жазып чыгышты. Буга чейин бул желеде Акун менен Зарылбек Ырсалиевди да жоопко тартуу керек деген пикирлерин байма-бай жазган активистер көп болгон эле.

Булак: Факты.kg

Последние новости