www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулду. Ага өз каалоосу менен жазылган арызы негиз болгонун бүгүн, 9-февралда мэрия билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Ошондой эле премьер-министрдин башка буйругу менен Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал жамаатка бүгүн эртең менен тааныштырылды.

Буга чейин белгилүү болгондой, Балбак Түлөбаев башка кызматка барат.

44 жаштагы Нургазиев «Эмма курулуш» компаниясын түзүп, жетектеп келет. 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, «Кыргызстан» партиясынан №44 орунга жазылган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ал эми шаардык кеңешти шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости