www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан каннабис тобундагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жактарды кармоо боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.
Бангизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюу боюнча өткөзүлгөн иш -чараладрын натыйжасында2021-жылдын 5-февралында болжол менен саат 02:00 чамаларында Жалал-Абад облусунун Токтогул айылынын Ош-Бишкек автожолунда ИИМдин БМЖКККнын жана Токтогул РИИБдин ЖКККББнын кызматкерлери менен биргеликте Б.У. аттуу жарандын башкаруусундагы «Mitsubishi Delica» үлгүсүндөгү автоунаасы токтогулган.
Автоунаага кароо жүргүзүү учурунда алдыңкы жүргүнчүлүк өрдүнан рюкзактын ичинен күкүрт формасындагы жапайы өскөн кара-куурай кендир жыты бар, кара-жашыл түстөгү зат табылып алынган. Баардыгы 167 даана болуп эсептелген.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат салмагы 1 кг 937 граммды түзгөң «гашиш» баңги каражаты деп аныкталган. Алынган маалыматтын негизинде баңги каражаттар Чүй облсунун 1983-ж.т. Б.У., аттуу айдоочуга жана 1979-ж.т., С.М. аттуу жүргүнчүгө таандык экени аныкталган. Учурда баңги каражаттарды ташууга тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо
боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
Булак: NazarNews.kg