www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарында жаш жигиттер өз ара жаңжалдашуу учурунда аңчылык мылтыктан ок чыгарышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 6-августта саат 23:20 чамасында ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшүп, анда көчөлөрдүн биринде жаш жигиттер топтолуп алышкандыгын жана мылтыктан ок чыгаргандыгын айтышкан. Окуя болгон жерге тергөө оперативдүү тобу барышкан. Ал жерде 4-5 жаш жигиттер бар экени аныкталган. Алардын экөөсүндө аңчылык мылтыктар болгон. Милициянын унаасы келе жатканда жигиттердин бири милиционерлердин унаасы тарапка ок чыгарган, бирок ал тийген эмес, андан кийин таш алып, унааны көздөй ыргыткан деп жазат Турмуш басылмасы. Өз кезегинде милиция кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, асманга ок чыгарышкан. Бирок, жаш балдардын тобу милиция кызматкрелерине баш ийбестен, окуя болгон жерден качып кетишкен. Милиция кызматкерлери тарабынан Тоң районунун Шорбулак айылынын 20 жаштагы тургуну А.Данияр, Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургуну У.Бакыт кармалган. Алардан «ИЖ-18ЕМ» үлгүсүндөгү аңчылык мылтык алынган. Өз көрсөтмөсүндө алар ошол күнү экинчи тараптын балдары менен өз ара жаңжалдашуу маселесин чечүү үчүн чогулушкан. Жолугуша турган жерге алар мергенчилик мылтык алып алышкан. Милиция кызматкерлери келе жатканын көрүшкөндө У.Бакыт аттуу жигит алар тарапка ок чыгарган. Аталган факт боюнча Балыкчы ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алардан аңчылык куралдар алынган, ал Балыкчы ШИИБде каттоодо турбагандыгы аныкталган. Анын ээсин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, башка катышуучуларды дагы аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Кармалгандар Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости