www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын мурунку президенти Петр Порошенкого карата Украинада дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Украина.ру" порталы билдирди.

“Оппозиционной платформы-За жизнь” партиясынын депутаты Ренат Кузьмин Украинанын Улуттук антикоррупция бюросу Порошенкого мамлекет башчы болуп турган убагында эл аралык финансылык жардамдын каражатын урдоо жана аны мыйзамдаштыруу фактысы боюнча иш козголгонун айтты.

Мындан сырткары, аталган иште АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын аты да бар экенин кошумчалады.

“Украинанын мурунку президенти Порошенко жана АКШнын мурунку президенти Обама эл аралык финансылык жардамдын 100 миллион долларын урдаган жана аны мыйзамдаштырган фактысы УУАБга катталып, иликтөө башталды”, -дейт Кузьмин.

Ошондой эле, ал иликтөөнүн жүрүшүн жана натыйжасын коомчулукка маалымдоону убадалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости