www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Афганистанда кыйроого учураган америкалык учакта АКШнын Борбордук тыңдоо башкармалыгынын (ЦРУ) жогорку даражадагы кызматкери болгон. Ал кызматкер Ирандын генералы Касем Сулеймани жана дүйнөнүн мурдагы эң кооптуу террорчусу Усама Бен Ладенди жок кылуу операциясынын башында турган. Бул тууралуу ирандын бийлиги маалымдады.

Анда Афганистандын Газни аймагында америкалык учак кыйроого чурап ал учактын ичинде ЦРУнун жооптуу адамы Майкл Д’Андреа болгон делет. “Талибан” кыймылы болсо аба кемеси алардын бутасы болгондугун айтып, ал үчүн жоопкерчиликти алууга жетишти. Бирок, эч кандай далилдерди келтире алган жок.

Майкл Д’Андреа Борбордук тыңдоо башкармалыгында 1979-жылдан тартып кызмат өтөгөн. Ал жылы Иранда Аятолла Хомейнинин революциясы орун алган. Ошондон улам тыңчы Д’Андреага “Аятолла Майк” аттуу каймана аты “ыйгарылган”. Ал Афганистан, Иран, Ирак өлкөлөрүндө АКШнын жашыруун операцияларын ишке ашырып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости