www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Азамат Абдуллажанович, биздин ишкерлер Казакстандын чек арасындагы уюшкан топтордун чөнтөгү үчүн иштеп жатканын айттыңыз. Конкреттүү факты барбы?

- Факт мындай: биздин ишкерлерибиз бул жерде өндүргөн товарын ЕАЭБ мамлекеттерине; Казакстанга, Россияга, Беларуска алпарабыз десе, чек арадан мафиоздук топторго тушугат. Ал жерде бажы эмес, чек ара жана салык кызматы жүктүн категориясына карап өзүнчө ставка коюп алган. Сүт азыктарына өзүнчө, тез бузулчу азык-түлүк товарларына өзүнчө ставка бар. Атайын ортомчулар бар, ошолор чыгып, «мынча берсең өтөсүң» дегеңдей кулак кагыш кылат. Бергендер жакшынакай өтүп, бербегендер кыйналып тура берет.

- Муну сиз келген арыздардын, кайрылуулардын негизинде айтып жатасыз да?

- Ооба, ишкерлер кайрылып жатышат. Өзүңөр деле барып сураштырып көргүлө. 500 же 5 миң доплар деп эч ким жазуу түрүндө талап кылбайт. Анын баары оозеки. Ошон үчүн эч ким арыздана да албайт. Арызданса Казакстандын аймагында анын абалы мындан да жаман болушу мүмкүн. Ставка 500 доллардан эмес, 10 миң доллардан башталып калышы ыктымал...

- Биз ЕАЭБге кирген соң мындай көйгөйлөр автоматтык түрдө чечилиши керек эле. Эмне үчүн чечилбей жатат деп ойлойсуз?

- Ошон үчүн биздин өкмөт маселени кырынан коюшу керек. Казакстанга, ЕАЭБ түзүмдөрүнө коюшу керек. Жүк кантип, канча мөөнөттө өтүшү керектиги, кандай документтер зарылдыгы боюнча атайын эрежелер, тартип бар да.

Аттокур ЖУМАЕВ

Булак: “АЗИЯnews" 

Последние новости