www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Эмгек кодексине, “КР Салык кодексине жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттар тобу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору кызматкерлердин кесиптик даярдануу түшүнүгүн жана жаш адистерди өндүрүшкө окутууну тартиптештирүү, кызматкерлер менен жаш адистерди окутуунун практикалык жагына көмөк берген ишканаларды каржылык жактан колдоо, ошол эле учурда жаш адистердин стажировкадан өтүүсү жана ишке орношуусу үчүн жумуш орундарын берүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.

“Эгерде жаш адис стажировканадан өтүү үчүн ишканага орношуп калса, ишкана киреше салыгын жана даярдоодон өткөн стажердун эмгек акысынан тийиштүү социалдык чегерүүлөрдү төлөөгө милдеттүү болуп калат. Бирок, колдонуудагы мыйзамдарда мамлекет тарабынан төлөнгөн стипендиялар салык салуудан бошотула тургандыгы тууралуу ченем бар. Ошондон улам, жаш адисти стажер катары жумушка алган ишканаларды андай төлөмдөрдөн бошотуу зарыл”, - деди депутат.

Мындай ченем менен түшүнүктөр жаш адистин мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жаштар арасында алгылыктуу деп эсептелинген адистик боюнча ишканаларда стажировкадан өтүүгө стажерлорго мүмкүнчүлүк берүүгө көмөктөшөт. Ошондон улам, мыйзам долбоору аркылуу КР Эмгек кодексине, КР Салык кодексине жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөр сунушталууда.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости